super.kg logo

Бишкектеги сейил бактардын тарыхы, өзгөчөлүгү жана бүгүнкү күндөгү абалы (фоторепортаж)

 

SUPER.KG порталына мэриядан билдиришкендей, Бишкекте бүгүнкү күндө 13 сейил бак, 60 сквер, 6 бак, 2 бульвар жана 6 чакан токой бар. Алардын кай бири таза жана оңдолуп-түзөлгөн болсо, кээ биринин абалы көңүл жылытарлык эмес. Сынган жарыктандыргычтарды, акыр-чикир толгон таштанды челектерди, кир отургучтарды көрүүгө болот.

Ал арада күндүн нуру жерди жылытып, шаар тургундары сейил бактарды көздөй агылып барчу маал да келди. Бишкектиктер эң көп барган сейил бактарда абал кандай экенин кийинки сүрөттөрдөн көрсөк.

1. Бишкек шаарынын 125 жылдыгы атындагы сейил багы Асанбай кичи району жакта жайгашкан. Анын жалпы аянты 4 гектар. Бул сейил бак жеке ижарачынын колуна өткөндүктөнбү, айтор, тегерек-чети таза, отургучтары жаңыдан сырдалып, эс алуучуларды күтүп жаткандай.

2. Чыңгыз Айтматов атындагы Эмен багы 1890-1898-жылдары Айыл чарба мектебинин окуучуларынын эмгеги менен пайда болгон. Анын жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. 2008-жылы ага Айтматовдун аты ыйгарылган. Учурда бул жердин тазалыгына жана тыкандыгына орто деген баа берсе болот. Ошентсе да бул шаардыктардын сүйүктүү жерлеринин бири десек жаңылышпайбыз.

3. Эркиндик бульвары 1883-жылы ачылган. Ал 1924-жылы Комсомол көчөсү аталса, 1927-жылы Дзержинский көчөсү, 1970-жылы Дзержинский кең көчөсү, ал эми 1999-жылдан бери Эркиндик деп аталып калган. Учурда бул жерден кир отургучтарды, сынык жарыктандыргычтарды, тазаланбаган былтыркы жалбырактарды көрүүгө болот.

4. Дайыр Асанов атындагы сейил багы Бишкектин Түштүк дарбазасы тарабында жайгашкан. Сейил бак шаардын таза жана тынч сейил бактарынын катарына кирет. 2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлүшүнүн 20 жылдыгына карата бул жерде “Куткаруучулардын аллеясы” ачылган. Ал эми 2012-жылы Ленинград блокадасынын эстелиги коюлган.

5. Кемаль Ататүрк атындагы сейил багы борбордун Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан. Ал 1957-1958-жылдары дендропарк катары түзүлүп, 1967-жылы “Достук” маданият жана эс алуу сейил багына айланган. Ал эми 1972-жылы СССРдин 50 жылдыгы деп аталып баштаса, 1996-жылдан бери Кемаль Ататүрктүн атын алган. Расмий маалыматтар боюнча, анын жалпы аянты 74 гектарды түзөт.

6. Иван Панфилов атындагы сейил багы 1879-1880-жылдары негизделген. Ошол жылдары анда
мөмө-жемиш жана декоративдик бактар отургузулган. Тилекке каршы, алар биздин күндөргө чейин сакталып калган эмес. Учурда бул сейил бак шаардыктардын жана коноктордун сүйүктүү эс алуучу жайына айланган. Бишкектин борборунда жайгашкандыктан, майрам күндөрү бул жерге эл көп келет, бирок майрам бүткөндөн кийин таштанды толгон жерге айланат.

7. Максим Горький атындагы сквер 1981-жылы Н.Исанов жана М.Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде ачылып, ошол эле жылы орус жазуучусуна эстелик коюлган. Скверге көк карагай жана Тянь-Шань карагайлары тигилген. Бул сквер нааразычылык акциялары байма-бай өтчү жер катары таанылып калган.

8. "Октябрь" аллеясы 1977-жылы Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 60 жылдыгына карата ачылган.

9. Пионерлер багы учурда “Дордой” спорттук комплексине тиешелүү. Бул жерде Куурчак театры менен Жаш көрүүчүлөр театры жайгашкандыктан, балдар көп келишет.

10. Жаш Гвардия кең көчөсү 1948-жылга чейин көчө статусун алып келген. 1960-жылы бульвар атала баштаган. Ал эми он жылдан соң бульвар проспект деп аталып калган. 1940-жылдары бул жерге 1900 түп бак-дарак, 2 миң бадал жана 400 килограмм гүлдөрдүн үрөнү себилген. Учурда алардын көбүнүн дайыны жок. Ар кайсы жерге чогултулган акыр-чикирди, жарымы жок отургучтарды жана башка жат көрүнүштөрдү байкоого болот. Буга карабай бул жерде шаар тургундарынын дайыма сейилдеп жүргөнүн көрө аласың.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
07.03.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ондоп тузоп койсо сонун сейил бактардан болуп калат менда досторум мн сейил бактарга коп барам
07.03.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сейил бактардын кебетеси ага көп барган адамдардын маданиятынан да көз каранды
07.03.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыртынан караганда соонун эле көрүнөт экен... Тазалыкты гана сактаганды үйрөнүшүбүз керек...
07.03.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш Гвардия калып кетиптирго
07.03.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bayas_tegin, ооба мен да куттум эле "жаш гвардияны"
07.03.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш гвардиянын эч нерсеси деле жок да
08.03.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала кездеги элестер жок.Аттин, Бишкегим кандай кооз шаар эле. Фонтандар таптаза
08.03.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш гвардия жок экен дегендер козунорду чонураак ачкыла.
08.03.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barsbegKG,
козу чон , кече жок болчу, биздин комментарийлерден кийин кошулду.
10.03.2016. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгемендуу болгон дон бери бир да бак тигилбептир. Аттин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: