super.kg logo

Жумгал районунда мас абалында жаранды моюнга бычак менен сайып, анын өлүмүнө себепкер болгон айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылды

 

Жумгал районунда мас абалында жаранды моюнга бычак менен сайып, анын өлүмүнө себепкер болгон айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Нарын облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2015-жылдын 21-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында болгон. Анда айыпталуучу Ү. Зайырбек уулу мас абалында 37 жаштагы О.М. аттуу жаран менен уруша кетип, аны бычак менен моюнга сайып салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Аталган кылмыш иши 2015-жылдын 17-декабрында Жумгал райондук сотунда каралып, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучу өзү биринчи бычак менен сайгандыгын эске алып, жазасын жеңилдетип берүүнү суранган. Иштин ичиндеги материалдар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү изилденип, айыпталуучунун күнөөсү далилденген соң, Жумгал райондук сот айыпкерди 10 жылга эркинен ажыратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.03.2016. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Килейген эле кишини олтуруп анан 10 жыл эле отуруп калабы...(((
05.03.2016. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соту улам кийинкиге жылдырылып, үй камагына чыгарып, тиги ооруп калбаганына караганда биздей ле кембагал бирөө экен го. Бирок сот ушинтип башкаларга дагы калыс чечим чыгарыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: