super.kg logo

Жылнаама, 5-март: Мындан 63 жыл мурун советтик коомдук-саясий ишмер Иосиф Сталин каза болгон

 

* Мындан 67 жыл мурун, 1949-жылы теги татар кыргыз жана советтик киноактёр Талгат Нигматулин өлкөбүздүн Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында кенчинин үй-бүлөсүндө туулган. Кинорежиссёр болууну эңсеген Талгат Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) окууга тапшырган. Кыргыз жеринен белгилүү кунг-фу адиси Эсен Исмаилов менен таанышып, эки жыл анын таалимин алган. Натыйжада каратэ боюнча Өзбекстандын чемпиону болуп, СССРдин чемпиондугунда 6-орунду ээлеген.
Талгат Нигматулин “ХХ кылымдын деңиз каракчылары” аттуу тасмага досу Николай Ерёменко менен бирге тартылып, Салехтин ролун аткарган. 1979-жылы көрөрмандарга сунушталган бул тасманы 1990-жылга чейин 120 миллион киши көргөн. Анда совет киносунда алгачкы жолу каратэ көрсөтүлгөн.

* Мындан 63 жыл мурун, 1953-жылы советтик коомдук-саясий ишмер, КПСС БКнын башкы катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун Баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин каза болгон. Сталинди акыркы сапарга узатуу 9-мартта өтүп, аны менен коштошуу үчүн өлкөнүн ар тарабынан адамдар келишкен. Эл ушунчалык көп болгондуктан, жүздөгөн адамдар тепсендиде калып өлүшкөн (болжолдуу түрдө 1422 адам).
Сталиндин денеси бальзамдалып, Лениндин күмбөзүнө коюлган. Андыктан 1953-1961-жылдары күмбөз В.И.Лениндин жана И.В.Сталиндин мавзолейи деп аталган. 1961-жылы 30-октябрда “Сталин Лениндин осуятын бузган. Ал үчүн жол башчынын жанына Сталиндин сөөгү үчүн орун жок” деген чечим чыгарылып, Сталиндин сөөгү Кремлдин дубалындагы мүрзөгө коюлган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1974-жылы теги кубалык болгон Голливуд актрисасы Ева Мендес АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарында төрөлгөн. Алгач ал клиптерге, жарнамаларга, сериалдарга тартыла баштаган. Биринчи жолу "Тренировочный день" тасмасына тартылып, атактуулукка жеткен. Комедия, триллер жана драма жанрларындагы тасмаларга ыктаган актриса "Правила съёма: Метод Хитча", "Вне времени", "Место под соснами", "Прошлой ночью в Нью-Йорке" жана "Двойной форсаж" тасмаларында эң мыкты ролдорду жараткан. "Однажды в Мексике" тасмасындагы ролу үчүн "Teen Choice Awards" сыйлыгын алган.

5-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.03.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иосиф Сталин бугунку кундо болгондо,коррупционерлер чычканга окшоп качып каяка барат эле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: