super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Оштогу Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары таза суу көйгөйүн чече албай келишет

 

Оштогу Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары таза суу көйгөйүн чече албай келишет. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундарын таза суу маселеси кыйнап келет. Унаасы жоктор жердин астынан насос менен чыгарылган шор сууну ичишет. Ал сууну кайнатсаң астына ылай уюп калат. Ичсең даамы деле жок. Ал эми мүмкүнчүлүгү барлар Куршабдан 7-8 чакырым алыстыкта жайгашкан Алга деген айылдагы булактан суу алып келип ичишет. Куршабдын Согот деген көчөсүндө эле таза суу белгиленген убакта чыгат, тургундар кезекке туруп алышат. Ал дагы кээде 5-6 күн чыкпай калат. Айылыбызда 20дан ашык көчөнүн суусу жок. Чоңдор оозу менен айтып, колу менен кылышпайт, шайлоодо "баарын кылабыз" дешет, өткөндөн кийин бири да жок",- деп нааразы экенин билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
07.03.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай буйруса мен көп жерлерге суу чыгарам деп ниет кылам . Келгиле дуба кылып коелу, баарыбыз ниеттерибизге жетели !?
07.03.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенде дагы ушул корунуш,качан онолобуз,башкасын коюп уну сууну биринчи чыгарып беришсе болбойбу.
07.03.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошо сууну чондордун озуно ичириш керекта барганда
07.03.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев малында куршабта крандар койулуп таза суу чыкчу азыр крандын К сы да жок
07.03.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мадумаров Адахан аканар бийликте турганда чечип берсе болмок эле.
Тилинен чан чыгат, куршапка суу чыгарып койбоптурда....
10.03.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BekAmir, кошулам. Бирок Мадумаровдун кызыл октябрь айылылында ар бир уйдо суу бар. Жеке водокачка менен чыгарган. Куршаб ото чон да эми. Бекмурзаев менен кара согот кочолорундо шаардагыдай таза суу бар. Тооолуу айылдарында суу турсун жол жок. Эски Покровкада таза суу бар. Кызыл сенирде жеке уйлордо бар. Лесхоз до сайдан ичишет. Алга айылы Булактан. Куршаб чакан айыл эмес, чоон округ да. Куршаб округунда 24 мектеп, бир канча кесиптик лицейлер бар. Колу, сайлары, токойу, тоолору, жайыттары бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: