Борбор калаада коңшусунун тайын уурдоого шектелген жаран кармалды
Борбор калаада коңшусунун тайын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ак-Өргөө конушунун тургуну кайрылган. Ал 3-март күнү саат 16:00 - 17:00 аралыгында белгисиз адамдар тайын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары аталган конуштун 36 жаштагы Р.Улан аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.