Бишкекте 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү (фоторепортаж)


























Бүгүн, 7-мартта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына арналган салтанаттуу иш-чара премьер-министр Темир Сариевдин катышуусу менен өттү. Ага Бишкектин бардык райондорунан Баатыр энелер, эмгеги сиңген ишкер айымдар, коомдук иште активдүүлүгүн көрсөткөн 1000ге жакын айым катышты.
Салтанатты Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ачып, ушунча айымды көргөндө куттуктоо сөзүн унутуп калганын билдирди. Ал жаш кезинде кыздар астында кандай сүрдөсө, азыр да ошондой сезимдерди башынан өткөрүп жатканын билдирип, куттуктоосун кагаздан окуп берди. Мэр: “Кыргыз жергесинин чыгаан кыздарын татыктуу тарбиялап келе берүүңүздөрдү тилейбиз”,- деди.
Майрамдык иш-чарада президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов окуп берди.
“Урматтуу айымдар, сиздерди чын жүрөктөн бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге узун өмүр, чың ден соолук каалайбыз. Кайсы тармакты албайлы, бардык жерде үзүрлүү эмгектенип келесиздер. Айымдардын катышуусу менен өлкөдө алдыга жылуу болуп жатат”,- деп айтылат куттуктоодо.
Куттуктоо сөздөрүн премьер-министр Темир Сариев улантты: “Өмүрдүн гүлү - асылзат айымдар. Эң оболу жаздын биринчи күндөрүндө сиздерди майрамыңыздар менен куттуктоо биз үчүн бакыт. Аялзатына кандай гана затты салыштырсак, ал аздык кылат. Сиздер үйдүн кутусуздар. Бар болуңуздар!”
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланды. Ага белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Аяна Касымова, Кайрат Примбердиев, "Style Mix" тобу, Актан Исабаев жана башкалар катышты. Кече ээлерине китептер белекке берилди.
кошулду




1 |