Бишкек шаарында "издөөдөгү унааны саткан" деп шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында "издөөдөгү унааны саткан" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы Темирлан М. кайрылган. Ал январь айында Шавкат аттуу жигит анын ишенимине кирүү менен издөөдөгү Тойота Алтеза үлгүсүндөгү унааны 2,5 миң долларга сатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Т.Б. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.