Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме өткөрдү




Президент Алмазбек Атамбаев 7-мартта аскердик түзүмдөрдүн башчылары менен кеңешме өткөрдү. Президенттик аппараттан кабарлагандай, жолугушууда президент өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү чаралары, армиянын согушка жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү аракеттери тууралуу маалымат алды.
Мамлекет башчы аскердик түзүмдөрдүн башчыларына бүгүн кызматка дайындалышкан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Кубанычбек Орозматовду жана Башкы штабдын жетекчисинин орун басары Нурлан Чомоевди тааныштырды.
Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоо иштеринин зарылдыгын, аскер кызматкерлерин социалдык колдоо чараларын күчөтүү, аларды үй менен камсыздоо керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

