super.kg logo

SUPER.KG сунуштайт: 8-Мартка аялзаты үчүн кымбат эмес, бирок жагымдуу 5 белек

 

Эртеңки 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө апасына, эжесине, карындашына, курбусуна, кесиптешине жана сүйгөн кызына эмне белек берерин билбей жүргөн мырзалар кездешпей койбойт. Белек өзгөчө жана жагымдуу гана болбостон, чөнтөккө да көп зыянын тийгизбегендей болсо кандай жакшы.

SUPER.KG порталы мырзалардын бул көйгөйүнө жардам берүүнү туура көрүп, кымбат эмес белектердин алдынкы бештигин аныктады. Мырзалар үчүн апаларга белек тандоо эң оңой, себеби сиз апаңыздын табитин жакшы билесиз. Ал кайсы иш менен алектенерин, хоббисин, жакшы көргөн түсүн билгениңиз жетиштүү. Апалар үйдүн кожойкеси болгондуктан, аларга ашканага керектелүүчү ар кандай буюмдар кызык. Ошондой эле кожойкелер үйдүн ыңгайлуулугун түзүүчүлөр экенин да эске алыңыз. Ал эми өзгөчө жакын болгон аялзаты үчүн белек тандоо оор.

Бул жаздык "Boyfriend" деп аталат. Бир жагынан көңүл көтөрүүчү белек болсо, бир жагынан оригиналдуу. Мындай жаздыкта уктоо ыңгайлуу дагы, жагымдуу дагы.
"Boyfriend" жаздыгы япониялык IOL фирмасынын дизайнерлери тарабынан 2004-жылы эле чыгарылган. Алардын ою боюнча, жаздык кадимки эркектен айырмаланып, жуурканга оронуп албайт жана коңурук тартып уктатпай койбойт. Кээ бир үлгүлөрүндө ойготуучу функциясы бар вибратор орнотулган. Орточо баасы 1200 сом турат.

Аялзатына жакын адамдар аябай керек. Жакын адамдарын көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүп, сүрөт рамкалары менен саат берсеңиз болот. Сааттын жебелерин караган сайын жакшы көз ирмемдер эсине түшүп турат, бирок саатты белекке бербейт деген ырым бар. Ырым кайсы элден чыкканы белгисиз. Балким, механизмдерге башкача көз караш менен караган кытай элинен чыккандыр...
Сааттын механизми алардын көздөрү көрбөгөн нерсени ченей алгандыктан, ошондой эле өлүмдү сүрөттөгөн иероглиф сааттын белгисине окшош болгондуктан коркушкан. Ал эми элдик ырымга таянсак, сүйгөн адамга саат берүүгө такыр болбойт, себеби саат берүү мамилени токтотууга алып келет. Мындан улам белекке саат алган кыздардын ар кимиси ар кандай кабыл алат. Андыктан саатты сүйгөн адамга берип тобокелге барбай, туугандарга жана апаңызга берүүнү сунуштайбыз. Бул белектин баасы 1000 сомдон жогору.

Акыркы убакта кыргыз өлкөсүндө кийим, зер буюмдарды сатуучу дүкөндөргө жеңилдик берүүчү карталар, фитнес клубдарга, машыгуу залдарына, сулуулук жана spa-салондорго белекке абонемент берүү популярдуу болууда. Ал үчүн сүйлөшкөн кызыңыз кайсынысына барарын тактап билип алыңыз. Билип алган соң ал жактан абонементтин акчасын төлөп, конвертке салып берсеңиз болот. Абонементтин баасы 1000 сомдон өйдө. Ал эми жеңилдик берүүчү карталардын баасы ар кандай болот.

Шаардын ылдам жашоосунда жумуштагы талаптардан, коомдук унаалардан, айтор, ар кадам сайын аялзаты стресске кабылат. Бул оюнчук болгону менен, бир топ көңүл көтөрүп, позитивдүү маанай тартуулап, чарчоону жок кылат. Алардын ичи диаметри 1 миллиметрге жетпеген полистирол гранулалары менен толтурулган. Аны кармалаган адам стресстен акырындык менен арылып, тынчтана алат. Мындай оюнчуктардын баасы көлөмүнөн жана жасалган материалдан көз каранды болуп, 150 сомдон өйдө турат. Аны кесиптештериңизге берүү менен көңүлдөрүн ала аласыз.

Сүйгөн кызыңызга жана өзүңүзгө окшош футболкаларга белгилүү жуптардын, өзүңөрдүн аттарыңарды же оюңузга келген жакшы сөздөрдү жаздыртсаңыз болот. Ошондой эле кадимки жаздык капка жана идиштерге да сүрөт түшүрүү мүмкүн. Бул кызматтын баасы сүрөттүн көлөмүнө жараша болуп, 250 сомдон өйдө турат. Ал эми футболка, жаздык каптарды, идишти өзүңүз сатып алып барбастан, ошол эле кызматты көрсөткөндөрдөн алсаңыз болот. Футболка 400-500 сомдон, идиш 80-100 сомдон өйдө.

Майрамдарда эң жагымдуу белек - гүл. Мырзаларды гүл тандоодо көңүл бурууга чакырабыз, себеби гүлдөр да "сүйлөшөт". Гүл аны берген мырзанын ойлору тууралуу көп нерсени айтып бере алат. Сүйлөшкөн кызыңызга кызыл, кызгылт, ак түстөрдөгү розаларды, гвоздика гүлүнүн кызгылт, кызыл гана түстөрүн, хризантеманын кызыл жана ак түсүн, жоогазындын кызыл түсүн гана берүүнү сунуштайбыз. Ал эми калла гүлүн сиз таазим кылган аялзатына бериңиз. Бир гүлдестенин баасы учурда 450 сомдон өйдө болсо, бир тал розанын баасы 300 сомдон жогору.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
08.03.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооо сонун.
08.03.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага саат менен подушка жакты
08.03.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага алтын саат белек кылса кубанып калаар элем
08.03.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
розаны асман кылып алышыптырго. Ар ким озуну ойлойтда
08.03.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза гул кымбатко жаман.
08.03.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарданы баш оорусу экенда бугун ))
08.03.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Китеп деле берсенер болот
08.03.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арзандары ушулбу али))
08.03.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Боорончу айтмакчы айыл чарба шаймандары деген китептен берип койгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: