Борбордогу сулуулук салондорунун биринен кардардын капчыгын уурдоого шектелип 30 жаштагы аял кармалды
Борбор калаада сулуулук салондорунун биринен кардардын капчыгын уурдоого шектелип 30 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Чүй облусунун 25 жаштагы М.Ф. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 16:30 чамасында борбордогу Бөкөнбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сулуулук салондорунун биринен белгисиз адамдар 6 миң рубль акчасы салынган капчыгын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы С.Г. аттуу аял кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кантип башканын сумкасына,чонтогуно кол салып уурдашат десен.Бироонун мандай-тери м-н тапкан акчасын,уурдап алууга кандай укуктары бар ушул уурулардын.Кытайдын законундай кылып ар-бир уурдаган сайын,манжаларын кесиш керек.Ошондо кана уурулук азаят.