Америкада белгисиз адам Ак үйдүн айланасындагы тосмодон ашып түшүүгө аракет жасады

Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарында белгисиз адам президенттин резиденциясынын айланасындагы тосмодон ашып түшүүгө аракет жасады. Бул тууралуу америкалык "Вашингтон пост" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 7-мартта саат 16:30 чамасында (Бишкек сааты боюнча 03:30) Ак үйдүн түндүк-чыгыш тарабында болгон. "Туристтердин көзүнчө тосмодон ашып түшүүгө аракет жасаган адам колго түштү. Аны полиция кызматкерлери алып кетишти. Жашыруун кызмат окуя болгон учурда президент Барак Обаманын резиденцияда болгону же болбогону тууралуу жооп берүүдөн баш тартууда",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Кыргызстанда эле болуш керек
точно)))
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.