super.kg logo

Кыргыздын чыгаан кыздары: Курманжан датка, Уркуя Салиева, Аида Салянова... (тизме)

 

"Дүйнөнүн түркүгү – эне" дешет элибиз. Алар коомдук, мамлекеттик иштерге да активдүү катышуу менен бирге үй-бүлөнүн куту, эр-азаматтардын жары, балдардын мээримдүү энеси болуп келишет. 8-Март майрамына карата дал ошондой энелердин, дегеле кыргыз аялзатынын жүзүн көрсөткөн айымдардын тизмесин түздүк.

Кылымда кыргыз элинен суурулуп чыккан айтылуу Курманжан датка апабыз тарыхта татыктуу баасын алган. Бүгүнкү күндө кыргыздар кыздарына "Курманжан даткадай чыгаан бол" деп бата беришет. Алай ханышасы бүтүндөй эл жүгүн көтөргөн кайраттуу, чечкиндүү жана акылман кыргыз айымынын үлгүсү экени талашсыз. Анын аты, жасаган иши - кылымдан кылымга өтүүчү ыйык мурас.

(сүрөттө Курманжан датка)

Бүбүсара Бейшеналиева - маданият тармагында кыргыз элинин таалайына жазылган табылгыс талант, кыргыз мамлекетинин биринчи балет бийчиси. Балет бийчиси өз ишин, кесибин, өнөрүн берилип сүйгөн инсан катары тарыхта калды. Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган. Элине эмгеги сиңген айымдын коомчулукта өз орду бар.

1994-жылы өлкөдө 5 сомдук номинал Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү менен колдонууга киргизилген. Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымы берилген. Кыргыз мамлекеттик искусство институту да анын ысымын алып жүрөт. Чыгаан айымдын эстелиги Бишкек шаарында, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жанына орнотулган.

(сүрөттө Бүбүсара Бейшеналиева)

Эмгеги менен элге таанымал болгон Зууракан Кайназарова - мамлекетибиздеги колхоз курулушунун көрүнүктүү ишмери. Зууракан апабыз кан күйгөн согуш жылдарында оорукта эмгектенип, эмгеги жогору бааланган. "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамынын ээси. Совет доорунда депутат, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Эмгеги менен бүгүнкү айымдарга үлгү болчу инсан.

(сүрөттө Зууракан Кайназарова)

Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөшкөндөрдүн бири, кыргыздын чыгаан айымы Уркуя Салиева кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Ал совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдүн бири. Анын ысымында учурда Бишкек жана Ош шаарларында көчөлөр бар. Чыгаан айымдын өмүр баянын чагылдырып "Уркуя" аттуу көркөм тасма тартылган. Туулуп-өскөн айылында жана Бишкек шаарынын чок ортосунда эстелиги тургузулган.

(сүрөттө Уркуя Салиева)

Кайталангыс талант Сабира Күмүшалиеванын актрисалык чеберчилигине суктанбаган, ыраазы болбогон кыргыз жок болсо керек. Ал жараткан ар бир образ көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт жана элдин эсинде бекем сакталып калары шексиз. Өмүргө бир жаралган талант кыргыз театрынын, кино тармагынын көркүн ачып, бийик деңгээлге чыгарып, жашоодо жарык из калтырып кетти.
Жаштайынан театрда иштөөнү алдына максат кылып, мугалимдик адистикке ээ болгону менен, Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында иштеп калган. Ошол күндөн тартып түрдүү ролдордун үстүндө талбай эмгектенип, унутулгус образдарды жаратты.

(сүрөттө Сабира Күмүшалиева)

Бакен Кыдыкеева - Борбор Азия элдеринен чыккан улуу таланттардын алдынкы катарында турган улуу актриса. Азыркы актрисалардын көбү "Кайсы актрисалардын талантын баалайсыз?" деген суроого жооп берүүдө сөзсүз бул айымдын атын атаары чындык. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган Бакен Кыдыкеева трагедияны, драманы, комедияны бирдей деңгээлде ойной билген көп кырдуу талант катары тарыхтан орун алды.

(сүрөттө Бакен Кыдыкеева)

Жамал Сейдакматова - кыргыздын дагы бир чыгаан айымы, белгилүү актриса. “Уркуя”, “Ак илбирстин тукуму” жана башка көптөгөн мурунку жана жаңы тасмаларда ажайып образдарды жараткан инсанды тааныбаган кыргыз болбосо керек. Өзү да режиссёрлук кылып, тасма тартуу менен алектенүүдө. Азыркы күндө актриса шакирттерин таптап, кыргыз искусствосуна өзүнүн бараандуу салымын кошуп жаткан учуру.

(сүрөттө Жамал Сейдакматованын жаш кези)

Элибиз ак куу менен салыштырган кыргыздын эң сулуу айымдарынын бири, театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева дүйнөлүк жана советтик классиктердин чыгармалары боюнча сахнада көптөгөн образдарды жараткан. Таттыбүбүнүн ырчылык өнөрүнө көпчүлүк 1963-жылы радиого жаздырылган "Ай баратат" аттуу ырды укканда баа берет. Ал “Ак Мөөр” тасмасында аялзатынын ажайып сулуулугун даңазалаган. Анын табигый сулуулугу кыргыз элинде ооздон оозго өтүп айтылып келе жатат.

(сүрөттө Таттыбүбү Турсунбаева)

Кыргыздын чыгаан айымдарынын катарына өлкөнүн мурунку президенти Роза Отунбаеваны кошууга болот. Кыйын кырдаалда мамлекет тагдырын колго алып, өлкөдө туруктуулукту сактоого салым кошкон кыраакы айым. Өлкөбүз жаңыдан эгемендүүлүк алган жылдары биринчи тышкы иштер министри болуп дайындалган. Мыкты дипломат катары көз карандысыз кыргыз мамлекетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркынын түптөлүшүнө салым кошкон инсан. Учурда өлкөнү социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын демилгелеп, ишке ашырууга багытталган эл аралык коомдук фондду жетектейт.

(сүрөттө Роза Отунбаева)

Агартуучу, коомдук-саясий ишмер, профессор, Даңк медалынын ээси Ишенгүл Болжурова билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер катары таанымал. Дүйнөдө тынчтыкты сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк профессорлор ассоциациясынын кыргыз жериндеги филиалынын президенти, КРнын Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын элчилигинин "Алтын көпүрө" сыйлыгынын ээси. Бул айым өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министрлигин жетектеп турган учурда бир катар реформалар болгону коомчулукта айтылып жүрөт.

(сүрөттө Ишенгүл Болжурова)

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында Башкы прокуратуранын башчыларынын катарын айымдар да толуктаган. 1991-жылдан 1993-жылга чейин эң алгачкы болуп Чолпон Баекова Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын жетектеген. Андан кийин Конституциялык палатанын башчылыгында иштеген. Юридика илимдеринин доктору, профессор. Жогорку квалификациядагы судья.

(сүрөттө Чолпон Баекова)

Кыргыз мамлекетинин он үчүнчү башкы прокурору болуп 2011-жылы Аида Салянова дайындалган. Аны Башкы прокуратурада масштабдуу реформа кылган айым катары билебиз. Анын тайманбастыгы тууралуу коомчулукта жылуу пикирлер арбын. Көпчүлүк Башкы прокуратураны Салянова жетектеп турган учурда чиновниктерге, жогорку бийликтин өкүлдөрүнө кылмыш иштери козголгонун айтышып, бул айымда эрк күчтүү экенин белгилешет. Коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө батынганын айтышат.

(сүрөттө Аида Салянова)


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(91)
08.03.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаева Атамбаев менен Текебаевдин адамы, элди тынчтандыруу максатында убактылуу окмот кылышкан. Бул азыркы бийликтин спектакли. А Салянова менимче эч кандай жаман адам эмес, булардын ишине бийлик кийлигишкенинен Салянова чыгып кетти менимче. Аида эже алардын музыкасына бийлегиси келбеди. Бут эле арам иштердин бети ачылып, аны кайра оздору жаап баштагандан кыйналды окшойт. Кыла турган ишинеда бут тосо берсе кой дедида жон гана чыгып кетти.
08.03.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироону жамандагандан, терс ой пикир жазгандан алыс болсонор!Озунор эмне иш кылдынар Кыргызстан учун,убактынарды куру кетирбей пайдалуу нерсеге жумшасанар.Акылдуулар отурат озу форумда.
10.03.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arrayan,бардыгын тарых тастыктайт убагы келгенде,айрыкча Салянованы Курманжан даткага тенебей эле койгулачы!Курманжан датка КЫРГЫЗ эли-жеринин биримдиги учун оз уулун курмандыкка чалган!!!Салянова куйоосунун куноосун мойнуна коюп жоопкерчиликке тарттырса мына ошондо ушул катарга коюп атын атасанар болмок!!!
perichte түзөттү 2016-03-10 10:04:12
08.03.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда биро туура айтат силердин ишинер ушул.(Бироону жамандап кайф аласынар))))))
08.03.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ох ий чарчап кеттим коммент окуватып...
Озунорду акылдуу сезе бербегилечи. Козу откон чыгаан кыргыз кыздарына, бир эле адам эмес , олко боюнча кенешип наам ыйгарат. Азыркы кездегидей акча берип эле "белгилуу" болуп алышпайт. Алар чыныгы кыргыздын чыгаан кыздары. ООо Саляновадан башкасы...
08.03.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен Отунбаеваны таттыктуу деп айта алам. Ал Курманжан Даткадан кийинки эл башкарган аял болгон. Салянованы айткандан кийин Ыргал эжебизди деле кошушса болмок.
09.03.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aziko1414, Бул суроттогу совет доорундагы белгилуу апа эжелерибизге таазим! Ал доордо жашабаган сон сындагандан алыс болсок. Сиздер жаман дейсиздерби жакшы дейсиздерби алар уже тарыхта калган. Тарыхты эч ким озгорто албайт. Эми андан берегирээк келсек: Отунбаева, Баекова, Болжурова, Салянова эжелерибизди кошпой эле койбопсунар. Алардан Жылдыз Жолдошова, Зейнеп Шакеева, Айтурган Темирова эжелерибиздин эмнеси кем? Же бир отоло болуптур анда Динара, Айчурок, Замира эжелерибизди деле кошуп койгула.
09.03.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Деги бул тизмени ким тузгон дейм да. Дагы далай татыктуулар бар. Сурамжылоо жургузуп койсонор жакшы болот беле
09.03.2016. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Вааще беттеринер жок экен. Кыргызстандын эгемендуулугунон бери Саляновадай иштеген прокурор болгон эмес. Канчалык бут тосуу, коркутуу болуп жатса дагы КЫЗ башы менен абдан салгылашты. Бийликте турган Эркек сымалдар кичине эле поддержка берип койгондо дагы да жакшы иштемек
09.03.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SHAHDAR, Салянова менимче Текебаевдин приказдарын жана заказдарын аткарып жатты!
10.03.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
SHAHDAR, Ошондо кримтобол Азиз Батукаевды качырып жибергени учун тизмеген кошулганбы? ;)
09.03.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Керемет тизмелениптир, тизмелөөчүлөргө алкоо!
09.03.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан каласын хиджабын чечтирген деп хиджапты чечтирип абдан туура кылган урматтуу молдоке болумуштар орто Азияда эн биринчи чыккан раис аял болгон Салиева.Чумколгон туркойлуктун кимге кереги бар экен корсотуп атат го хиджапчан шайтандар эрдиктерин алланын атын булгап.Санын корсоткон аялдар эмне ыйманын итке ыргытып басып калыптырбы хиджапчан азезилдерге караганда ошолордун ыйман тарбиясы жогорураак.Салянова коп эркек болумуштардан алда канча жогору тураарын тарых таразалайт
09.03.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.95, Pankration_MMA, FIFA-UEFA.KG, potriot.kg, RASTAMAN, MUHLISA, ediko85, potriot.kg, briliant87, Oylonkyrgyzym, Zahovic - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
09.03.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FIFA-UEFA.KG - 8 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга, жеке айтышууларга тыюу салынат.
09.03.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Donni92, basyz-kaman. - түбөлүк БАН!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
09.03.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUMKA,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
09.03.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Отунбаева,Салянова татыктуу адамдар кыргызымдын кыздары болгон болуп жарганынар туура эмес
09.03.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аида Салянованы ким кошкон?Салянова татыктуу эмес деп баса кыйкырып айткым келет.
09.03.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Салянова не бир жеринерге кирип атабы ?кыргыздар эчтекени коро албайсынар эээээ
09.03.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болжурова, Баековадан мурда Кондучалова турушу керек эле...
09.03.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
саляновага бут тосуу болбогондо азыр даалай чиновниктердин бетин ачат болчу...
09.03.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
munara.11.,Күйөөсүнүн бети ачылбаганда далай ченовникти акчага сындырмак десеңиз туура болчуудай))
09.03.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тушуно албадым... Роза жана Аида эжелерибиз кайсы тараптан, кандай вариант менен бул тизменин катарын толуктады болду экен?
09.03.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6

Аида Салянованы тизмеге кошпой эле койбоптурда!!!
09.03.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза,Аида эжелердей болуп Батукаев менен Баатыровдон акча өндүрүш ар кимдин колунан келе бербейт деп кошуп койгон го сыягы)))

Калган апаларга чын жүрөктөн таазим!)
09.03.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Отунбаеваны неге кошуп койду. Ким билет Р. Отумбаева убагында Ошту эмне кылып жибергенин
09.03.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таттыбубу эжебизге таааааазим
09.03.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кондучалова жок го
09.03.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyrgyzym taryxty karap korgulo Kurmanjandai apalarga myna bul jerdegi Salianova Otunbaeva Baekova bularyn alardyn ordun basalbaitko kelgile teren oilonup korolu alar chynygy patriot aiymdar a bularchy........
09.03.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы депутат,министр айымдарды деле кошуп койбопсуздар ушунча болуптур.
09.03.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Отунбаева, Болжурова, Баекова, Салянова буларды тизмеден коруп жиним келип атат! Булар кыргыздын номер бир ХХХ... ( жеке оюм)
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-09 17:05:20
09.03.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Limushka - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
09.03.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Отунбаева ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-10 10:44:50
10.03.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asel_kg89 - 15 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
10.03.2016. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балериналардын талантын, бийин карабай эле сандарын карагандардын комментарийлерин окуп шок болдум.
10.03.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кээ бир мекендештерибиздин ушунчалык деградациясы журокту оорутат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: