super.kg logo

Экономист: "Кыргыз Республикасында баалар улуттук валютага өткөрүлгөнү менен, экономикага таасири тийбейт"

 
Экономист Улук Кыдырбаев

Улуттук валютаны турукташтырууга жана өлкө экономикасын доллардан арылтууга багытталган Жогорку Кеңештин токтому былтыр 10-декабрда кабыл алынып, аны аткаруу өкмөт менен Улуттук банкка тапшырылган. Натыйжада өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралында бекитилген №33-токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын доллар менен алынган насыялары улуттук валютага конвертациялана баштаган.

Эл арасында бул тууралуу ар кандай ойлор айтылууда. Бири мамлекеттин экономикасына чоң залакасын тийгизет десе, бири пайдасы тууралуу айтып келет. Өлкөбүздө бардык тейлөө түрлөрүнүн, товарлардын баасын сомго өткөрүүнүн пайдасы жана зыяны тууралуу экономист Улук Кыдырбаевге кайрылып көрдүк.

"Улуттук валютага өтүү демилгесинин зыяны деле жок. Пайдасы жана зыяны улуттук валютага өтүүгө кандай жол менен барарыбыздан көз каранды. Эгер башка валюталарга тыюу салынса, албетте, зыян келет, себеби акча тармагындагы көмүскө экономиканын түзүлүшүнө алып келет. 1990-жылдары ушундай болгон. Сомго өткөнүбүз экономикага, чынында, эч кандай таасир бербейт",- деди Кыдырбаев.

Экономист улуттук валютабызга өтүү соодагерлер арасында нааразычылыктарды жаратып жатканын, ал сомдун туруксуздугунан жана элдин доллар валютасына көнгөнүнөн улам болуп жатканын айтты.

"Элдин басымдуу бөлүгү долларга көнүп калгандыктан, нааразычылыктар болууда. Соодагерлер улуттук валютага өткөндөн зыян тартышпайт. Сомдун туруктуулугу болбогону үчүн гана зыян тартышы мүмкүн. Алар товарларын доллар менен алып келип саткыча курс көтөрүлүп кетет. Доллар менен сатышса, пайда көрүү, зыянга учурабоо кепилдиги бар, андыктан алар товарларын доллар менен сатууну каалашат",- деди эксперт.

Ошондой эле Улук Кыдырбаев улуттук валютанын курсун башка валюталарга караганда жогорулатуу үчүн регионалдык, глобалдык процесстерге көңүл буруу керектигин айтып, жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигин белгиледи.

"Өлкөбүздө долларга талап көп, себеби кыргыз өлкөсүнүн соода жүгүртүмүндө импорт 77 пайызды түзөт. Импорттук товарлар доллар менен келет. Өзүбүз эч нерсе өндүрүп, товар экспорттой албагандыктан, сомдун курсу жогорулабайт".

Эксперттин ою боюнча, калктын басымдуу бөлүгү эмгек акыны сом менен алганы үчүн тейлөө иштерин жана сооданы сом менен жүргүзгөн туура.

"Аймактарда сом менен соода жүргүзүшөт, ошондуктан ал жактарда доллардын өйдө-ылдый болгону аларга сезиле бербейт",- дейт эксперт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: