Өзгөндө жигит сөйкө салып койгон кызы башка менен сүйлөшүп жүргөнүн билип калып, кызды үйүнөн мууздап кеткени айтылды
Ош облусунун Өзгөн шаарына караштуу Черёмушки кичи районунда жигити үйлөнүү үчүн алдын ала сөйкө салып койгон кызын үйүнөн мууздап кетти. Окуяны 8-мартта SUPER.KG порталына жергиликтүү жашоочулардын бири кабарлап, кылмыштын чоо-жайын кыскача түшүндүрдү.
Кылмыш 7-март күнү аталган айылдын Манас көчөсүндө болгон. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жигит сөйкө салган кызынын башка жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн билип калып, 17 жаштагы болочок жубайын үйүнө барып мууздап кеткен. Кыздын канжалап жаткан денесин апасы кыздын бөлмөсүнөн таңкы саат беште көргөн. Маалыматтарга таянсак, бирөөлөр "Мына, көрүп ал. Сага тие турган кыз ушундай" деп жигиттин намысына тийген.
Окуя тууралуу кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.