super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасында "Реал" менен "Вольфсбург" футболдук клубдары биринчилерден болуп чейрек финалга жолдомо алышты

 

9-мартка караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында жооптук беттештер орун алды.

"Реал" (Испания) - "Рома" - 2:0

Голдор: Криштиану Роналду (64-мүнөттө), Хамес Родригес (68-мүнөттө).

Бул күнү мадриддик "Реал" өз үйүндө римдик "Романы" кабыл алды. Алгачкы оюн 2:0 эсебинде мадриддиктердин пайдасына чечилгенин эске алсак, жооптук беттеште "Романын" мынчалык жогорку деңгээлде ойноорун эч ким болжогон эмес. Римдиктер арты-артынан чабуул уюштуруп, атаандаштардын күйөрмандарын бир топ бушайманга салышты. Албетте, Эдин Жеко жана Мухамед Салах сыяктуу футболчулар мүмкүнчүлүктү туура пайдаланышканда, римдиктер кем дегенде 3 гол киргизишмек.

"Вольфсбург" (Германия) - "Гент" (Бельгия) - 1:0

Гол: Андре Шюррле (74-мүнөттө).

"Вольсбург" атаандашы "Гентти" алгачкы оюнда утуп (3:2 эсебинде), чейрек финалга жарым-жартылай чыккан. Жооптук оюн, албетте, германиялыктар үчүн оңой болгон жок, анткени бельгиялыктар бул ирет жаңылууга орун беришпеди. Алар биринчи номер болуп ойноп, атаандаштарды түйшүккө салышты. Мындай учурда чеберчилик жардамга келет эмеспи. Юлиан Дракслер 74-мүнөттө оң капталдан топту алып, голго болгон толук мүмкүнчүлүктү түзүп берди. Шюррле эсепти ачып, командалаштарына артыкчылык алып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.03.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Реал. Татыктуу жениш. Эми 1-4 финалда Вольфсбург, Зенит ж.б. ушундай сыяктууларды эмес, МС, ПСЖ, Атлетико сыяктуу бизге татыктуу атаандаштарды чыдамсыздык менен кутуп алмакчыбыз. )))
eldar. түзөттү 2016-03-09 09:54:58
09.03.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
eldar.,atletikodon 2 oiunda ten jenilip kaldy okwoitko
09.03.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi.Avazbekov, эми женилсе эле кайра ойнобош керекпи
09.03.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың Реал! Алга Реал!
Роналду рекорд кой сөссүз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: