Борбордо айдоочу айым рулду башкара албай унааны сүзүп, экинчи унаанын 18 жаштагы айдоочусу жабыркады
Борбор калаада айдоочу айым рулду башкара албай унааны сүзүп, экинчи унаанын 18 жаштагы айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Бишкек ШИИББинин Жол-патрулдук милициясынын атайын батальонунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-март күнү саат 22:30 чамасында болгон. Анда Хонда CRV үлгүсүндөгү унааны башкарган 35 жаштагы Ж.М. аттуу айдоочу айым рулду башкара албай, Мазда Демио үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Мазда Демио унаасынын 18 жаштагы айдоочусу баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Балага Аллах шыпаасын берсин,жакшы болуп кетсин.