super.kg logo

Учурда аскер кызматын 100дөн ашык чиновниктердин балдары өтөшүүдө

 

Учурда аскер кызматын 100дөн ашык чиновниктердин балдары өтөшүүдө. Муну бүгүн, 9-мартта журналисттерге Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын башчысы Арстан Керималиев билдирди. Анын айтымында, аскер кызматын өтөөгө жогорку билимдүү балдар көп келе баштады.

Былтыркы күзгү чакырылыш биз үчүн жакшы болду. 500-700дөй жогорку билим алган жаран чакырылды. Алар аскер кызматын өтөгөн соң лейтенант болушат. Муну менен бизге керектүү делген лейтенанттардын штаты толду. Мындан улам биз аскер кафедраларын жабуу тууралуу сунуштарды киргизип жатабыз. Бул кафедра И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында гана калат.

Ошондой эле быйыл альтернативдик кызматты 7 миңдей жаран өтөрү пландалды. Алардын арасында убагында ата-энеси аскерге коё бербей койгондуктан, убактысын өткөрүп жиберип, аскердик билети жок жумушка орношо албай жаткандар көп”,- деди Керималиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.03.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25-40 жашка чейинки адамдар коп ичип жейт бекен эмне куноосу менен коп толош керек алар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: