super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Өлкөдөгү аэропорттордун айрым кызматкерлери чет өлкөлүк туристтен 50-100 доллар өндүрүп алайын деп күтүшөт"

 

Жогорку Кеңештин 9-марттагы жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев өлкөдөгү аэропорттордун тейлөө кызматынын деңгээлин төмөн деп баалады. "Сырттан келген коноктор кайсы жерге арыздануу керектигин билишпейт. Кайрылайын дешсе, англис тилинде сүйлөй алган кызматкерлер жок болот. Мисалы, чет өлкөлөрдөгү аэропорттордо "Кош келиңиздер!" деп тосуп алышат, кайра баргың келет. Бизде болсо айрым кызматкерлер туристтен 50-100 доллар өндүрүп алайын деп күтүшөт. Мындан тышкары чет өлкөлүктөр биздин такси менен жүрүүнү кооптуу деп санашууда",- деди Акаев.

Андан соң депутат бул маселени чечүү жолун сунуштады. "Аэропорттордун кызматкерлерин Түркияга, Катарга окууга жиберүү керек. Ал жерден кантип тейлөө көрсөтүү керектигине үйрөнө алышат",- деп сунушун билдирди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: