Владимир Путин Москвада метронун рельсине кулаган аялды куткарган Марат Исаевди сыйлоо боюнча буйрук чыгарды
Орусиянын президенти Владимир Путин Москва шаарында 11-февралда метронун рельсине кулаган аялды куткарып калган Марат Исаевди жана Артём Королюкту сыйлоо боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта орусиялык маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Путин аларды Орусия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койгон. "Кыйын кырдаалда мындай чечкиндүү кадамга барганы үчүн "Адам өмүрүн сактаганы үчүн" медалы менен сыйлансын" деп жазылат буйрукта.
Кошумчалай кетсек, 11-февралда катталган окуядан кийин кыргыз жеринин кулуну, акыркы кездерде Орусияда иштеп жүргөн Марат Исаевге алкыштар айтылган. Буга катар өлкө президенти Алмазбек Атамбаев, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин сыйлык тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
8

Азаматсын Марат!
Аял кайда өзү? Маратка ыраазычылыгын билдирбейби?
жоолугуп раазычылыгын билдирди деген кабар жок го.
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.