super.kg logo

Ош ОИИБи: "Өзгөндө кызды мууздаган жигит анын жездеси болгон жана аны өлтүрүүгө ушак тараткандыгы гана эмес, башка себептер да болушу мүмкүн"

 

"Ош облусунун Өзгөн районунда кызды мууздаган жигит анын жездеси экени белгилүү болду. Аны өлтүрүүгө ушак тараткандыгы гана эмес, башка себептер да болушу мүмкүн". Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Сурак учурунда кылмышка шектүү аялынын бөлөсүн ушак тараткандыгы үчүн өлтүргөнүн билдирген. Эгерде өч алуу үчүн өлтүргөн болсо, "Эмне себептен ал жалгыз эмес, башка бирөөнү да ээрчитип барган?" деген суроо жаралууда. Ошондон улам "кызды өлтүрүүгө башка себептер да болушу мүмкүн" деген версиялар бар. Кылмышка шектүү катары кармалгандарга "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда",- деди Ашырбаев.

Маалыматка ылайык, каза тапкан кыз менен кылмышка шектүүнүн жубайы эже-сиңдинин кыздары. Алар бир мектепте чогуу окуп, тууганчылык гана жайы болбостон, экөө курбу да болуп жүрүшкөн.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун "жигит сөйкө салып койгон кызы башка менен сүйлөшүп жүргөнүн билип калып, кызды үйүнөн мууздап кетти" деген маалыматты билдирген эле. Аталган аймакта окуянын башка версиялары да айтылууда. Ал эми расмий органдын маалыматы жогорудагыдай.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
09.03.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супер инфо эмес эле "крим инфо"болуп калыптыр
09.03.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеси болсо да он гулунун бир гулу ачыла элек жаш кызга жаман болду жаткан жери жайлуу болсун.Апасына сабыр берсин
09.03.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар "туугандардан" окшойт.
09.03.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikokul14,окшойт эмес эле туугандар турбайбы
09.03.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай эмне эле болуп баратабыз,жакында эмне мыкаачылар олкосуно айланабызбы?
09.03.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде улуту жазылбаптырго,улутун жазып коййсонор жакшы болмок.
09.03.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбек туугандар имиш.
09.03.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазат деселе акылдуу болуп бир нерсени жаза бересинерда эмнеге газета крим инфо болмок эле,алар болгону жанылыктарды жазып атат,жакпаса кирбей окубай койгула анда.
10.03.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubaychbek - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: