super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ала-Букада Көк-Серек айылынын көчөсүнө кен иштеткен компания суу чачып берүүдө

 

Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл өкмөтүнүн негизги көчөсүнө "Бозумчак" алтын кенин иштеткен компания суу чачып берүүдө. Маалыматты окурман бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Мындай иштер 8-мартта башталды.

"Көчөнүн узундугу 8 чакырым. Жолдун чаңдабашы үчүн күнүнө 5 ирет чачууда. Бирок күн ысып жаткандыктан, бат эле кургап калууда",- деп билдирди окурман.

Эскерте кетсек, былтыр жайында Көк-Серек айылынын тургундары "Бозумчак" кенин иштеткен "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясына талап коюшуп, жолду буушкан. Алар аталган кенге айылды аралап барчу жолду асфальттап берүүнү, жергиликтүү жашоочуларга компаниядан көбүрөөк орун берүүнү талап кылышкан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.03.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшыго, шаардын кочолорунода бир кундо беш маал суу чачпайт.
10.03.2016. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу чачкандан пайда жок кочо чаный берет асфалт бастырыш керек
10.03.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эптеп-септеп чачып артына кайра кайтканча кургап калып дагыле чанып элдин шорун колуна карматып жатканын элдик кабарчы болсон ошону жазып жонотпопсун. Казакмыс алтын кенинин бир дужуру окшойсунго! Шорпосун кобураак ичип, этин жеген. Толгон токой алтын кенге байланыштуу маселе турса ушуну коргон!
torra түзөттү 2016-03-10 10:03:38
10.03.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 2010жылы барганымда тоонун башына ишкана салып баштаган эле азыр шаар болуп кеткен дейтко тоонун башы
17.03.2016. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа азыр барсан шаарга баргандай болосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: