super.kg logo

Ак-Суу районунун Челпек айылындагы бала бакча жергиликтүү эл менен акционерлердин талашына түшкөндүктөн, бүгүн элдик жыйын болду

 

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Челпек айылындагы бала бакча жергиликтүү эл менен акционерлердин талашына түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Челпек айылдык кеңешинин төрагасы Турдубек Очкеев билдирди.

Анын айтымында, 2 кабаттуу, 350 орундуу бала бакча 1970-жылдары курулган. 1992-жылдары Советтер Союзу ураганда Теңизбай Жункеев аттуу жаран бала бакчаны жакындары менен биргеликте жашыруун түрдө менчиктештирип, "Челпек" акционердик коомуна өткөрүп алган.

2002-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы бала бакчаны мамлекеттик акт боюнча өкмөткө кайтарып бергени менен, акционердик коом ал чечимге макул болбой келген. Бала бакчаны мамлекетке кайтаруу боюнча райондук сотко кайрылышкан. Сот акционерлердин пайдасына чечип, бала бакча мамлекетке кайтарылган эмес. Үстүбүздөгү жылдын 29-февралында Ысык-Көл облусунун сотунун отурумунда да чечим өзгөргөн эмес.

"Өкмөт өзү жайдак калган, эч нерсеси калган эмес. Акционердик коомдун имараттарында акы төлөп иштеп жатабыз. Соттор чечимди бала бакчаны мыйзамсыз менчиктештирип алгандардын пайдасына чыгарып жатышат. 29-февралда чыккан соттун чечимине биз макул эмеспиз. Сөзсүз түрдө апелляция менен жогорку инстанцияга кайрылабыз. 2012-жылы Өнүктүрүү фондунан бала бакчага 5 миллион сом бөлүнгөн. Анын эсебинен бала бакчанын ичин оңдоп чыктык. 80 пайызы даяр болду. 2016-жылдын эсебинен дагы 2 миллион сом бөлүндү. Ошондо 5 миллион сомго жасалган иштер эмне болот? 2 миллион сомду эмне кылабыз?"- дейт төрага.

Бала бакчаны "Челпек" акционердик коомунан 1 миллион сомдон ашуун акчага сатып алууну да сунушташкан, бирок акционерлер сунуштан баш тартышкан.

Ошондой эле төрага айылынан бул маселе менен Бишкекке чейин келип, Соттор кеңешинин жетекчисине кире албай калганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.03.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылымда эмне чыр? Бала бакча ачып берсе сонун болот эле.
09.03.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала бакчаны 6-7 акционер талашканы уят эле. Килтейген айыл учун, балдардын келечеги учун берип эле коюшпайбы! Соттор да сатылмалар! Карапайым калкка чечип бербеген!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: