Америкалык басылма Эван Антинди "Жаныбарларды дарылоочу эӊ сексуалдуу ветеринар" деп тапты


























Америкалык ветеринар Эван Антин да интернет жылдыздарынын катарын толуктайт. Ал Калифорния штатынын Таузенд-Оукс шаарындагы ветеринардык клиникада эмгектенет. Эван Антин ооруканадагы жаныбарлар менен түшкөн сүрөттөрү аркылуу интернетте популярдуу. Бул тууралуу "Udivitelno.Com" сайты жазып чыкты.
Ит, мышык, таш бака, маймыл, тоту куш жана башка жаныбарлар дүйнөсүндөгү ар бир жандык менен оӊой тил табышып, жагымдуу байланыш түзө аларын эске алган "People" басылмасы 2015-жылы Эван Антинге "Жаныбарларды дарылоочу эӊ сексуалдуу ветеринар" наамын ыйгарган. "Бардык жаныбарларды бирдей жакшы көрөм" деген Эван жылан менен крокодилдерге өзгөчө жакын экенин жашырбайт. Дүйнө жүзүн кыдырып саякаттаган ветеринар жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоого үндөп келет. Ошондой эле модель болуп да эмгектенет.

сага жакпаса башкага жагат
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.