super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдама быйылкы жылдын иш планына киргизилди, Сүйүнбаев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак көзөмөлгө алынды

 
Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдама
Сүйүнбаев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак

Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдама быйыл оңдолот же жаңысы курулат. Сүйүнбаев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын Шаар куруу жана муниципалдык менчик ишканасынын бөлүм башчысы жана Жол башкармалыгынын башкы адиси билдирди.

"Жол эрежелери боюнча, унаа жол чыракка 3 метр жетпей токтошу керек. Тиричилик үйүнүн аялдамасынын жанындагы жол чыракка унаа токтоочу сызыгы белгиленбегендиктен, ага 3 метр жетпей токтоо керек. Ошондо жол чырак баарына көрүнөт. Ал эми Ленин көчөсү менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол чырак эски. Бул жол чыракты жеке көзөмөлгө алабыз",- дейт Жол башкармалыгынын башкы адиси Улук Жаныбеков.

"Аскар Шакиров көчөсүндөгү аялдаманын эскилиги жеткен. Аялдама 2016-жылдын иш планына киргизилди. Быйыл оңдойбуз же жаңы аялдама курабыз",- дейт Шаар куруу жана муниципалдык менчик ишканасынын бөлүм башчысы Алтынбек Шерматов.

Эскерте кетсек, жогорудагы Ош шаарындагы көрүнүштөр тууралуу окурмандар WhatsApp аркылуу билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.03.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар,суперчилер аябай оперативдуу иштеп жатасынар,ийгилик!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: