super.kg logo
  Саясат  

"Депутаттар жана министрлер отургузган көчөттөр көгөрбөй жатат" дейт депутат Жамалдинов

 

Жогорку Кеңештин 10-марттагы жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов келерки ишембиликтер тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, жыл сайын депутаттар, министрлер, президенттик администрациянын кызматкерлери Бишкектеги сейил бактарында отургузган көчөттөр өспөй жатат. "Көчөттөрдү "Жашылдандыруу" ишканасы өзү отургузсун, жоопкерчиликти моюнуна алсын. Ар бир көчөт 3-5 миң сомдон турат. Жыл сайын 5 миңдей көчөт отургузулат. Жыйынтыгында канча каражат кетип жатат? Депутаттар көчөттөрдү отургузуунун ордуна таштандыларды тазалашса, пайда көбүрөөк болот",- деди Жамалдинов.

"Мисалы, биз барабыз, көчөттөрдү отургузабыз. Мунун баары телеберүүдөн карапайым элге көрсөтүлөт, бирок ошол көчөттөр көгөрдүбү, эч кимдин иши жок. Ошондуктан, урматтуу төрага, өкмөттүн өкүлү, эске алып койсоңуз",- деп кайрылды депутат.

Эскерте кетсек, 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев отургузган көчөттөр уурдалганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: