super.kg logo

Борбордо өзүн "милиция кызматкеримин" деп тааныштырып, тапанча менен коркутуп өспүрүм кызды тоноого шектелген жаран кармалды

 

Борбордо өзүн "милиция кызматкеримин" деп тааныштырып, тапанча менен коркутуп өспүрүм кызды тоноого шектелип 20 жаштагы Ысык-Көл облусунун туругуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 43 жаштагы Ж.Х. аттуу аял кайрылган. Анда ал 8-март күнү саат 13:30 чамасында "Ош базарынын" жанынан анын 16 жаштагы кызына өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган жигит тапанча менен коркутуп уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну кармалган. Кылмышка шектүү бул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар деп шектелүүдө. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.03.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш жигит уйялбай кызды тоногонун кара мындайларды омур боюга камаш керек
10.03.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Товаа
10.03.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол дагы эркекпи кызды тоногон (алы жеткендери эле кыздар).
Чынынгы эркек болсо,озуно окшогон эркектерди тоноп корбойбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: