super.kg logo

Түрк акыны ыр түрүндө Орусиядан кечирим сурады

 

Түрк-Сирия чек арасындагы аткылоодон улам орусиялык Су-24 учагынын жарылышы жана учкуч Олег Пешковдун өлүмү үчүн түрк акыны Хусейн Хайдар ыр түрүндө Орусия элинен кечирим сурады. Бул тууралуу ТАСС басылмасы бүгүн, 10-мартта жазып чыкты.

Ыр "Улуу орус элинен кечирим суроо" деп аталып, "биздин көз алдыбызда бир туугандык байланыштар үзүлдү" деген саптар менен коштолот. Акын Орусиядагы ага жакын көркөм образдарды санап келип, акын Владимир Маяковский, жазуучу Максим Горький, биринчи космонавт Юрий Гагарин жана фашизмди жеңген баатырлардан кечирим сураган. "Каза болгон учкуч Олег Пешковдун энесинен тизе бүгүп, кечирим сурайм" деген саптар менен ырын жыйынтыктайт.

Хусейн Хайдар 1956-жылы туулган. Белгилүү түрк акыны бир нече улуттук сыйлыктардын лауреаты. Анын ырлары бир нече тилге которулган.

Эске салсак, былтыр 24-ноябрда Түркия менен Сирия чектешкен аймактан орусиялык аскердик учак атылып түшүрүлгөн. Түркиялык маалымат булактары учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын билдиришкен эле. Орусия андай болбогонун айтып, ошондон бери эки өлкөнүн мамилеси жакшы эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.03.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чыныгы адамдык сапат бар экен алла ыраазы болсун!
10.03.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мамлекет башчыларын уяткарып койуптурда,туура эле иш жасаптыр
10.03.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акындын ырында да кошо чыгарып койгонунуздарда, орустар эми кыйынсырайтго.
10.03.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ма Ша Алла! Аллахым кечиримдуу болго кечирим сураган пендени жакшы корот.
10.03.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы адамдар бар экен
11.03.2016. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал адамдын жашоосу эми тынч эле болсун жогору жактан кысым корсотулбой ыры учун
11.03.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunsulu, ошода. Камалып кетпесе экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: