super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте Олимпиадалык резервдин алдындагы адистештирилген мектептин оор атлетика боюнча биринчилиги орун алды

 

Бишкекте 4-мартта Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин биринчилиги аяктады. Мелдешке 1996-жылы төрөлгөн жана андан жаш курактагы спортчулар катышты.

Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашкандай, ага Токтогул, Токмок, Бишкек шаарларынын, Талас облусунун жана Орловка, Военно-Антоновка сыяктуу айылдардын спортчулары катышты. Спортчулардын саны 109га жеткен мелдеште 10 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды (36 килограмм, 40 кг, 44 кг, 50 кг, 56 кг, 62 кг, 69 кг, 77 кг, 85 кг, 85 килограммдан жогорку салмак).

Жыйынтыгында уландар арасында Адыл Турсунбеков (40 килограмм), Сыргабек уулу Шернияз (46 кг), Шерхан Сайбеков (50 кг), Чойбек Сатбаев (56 кг), Кадырбек Айбеков (62 кг), Бообек уулу Токтогул (69 кг), Сыймык Токтосунов (77 кг), Кайрат Болотбеков (85 кг), Урмат Сыргабаев (85 килограммдан жогорку салмак) сыяктуу спортчулар жеңүүчү аталышты. Ал эми кыздар арасында Татьяна Усова (36 кг), Татьяна Власова (44 кг), Майрам Кыдыралиева (48 кг), Аминай Мамырова (53 кг), Мукадас Исламова (63 кг) сыяктуу спортчулар алтын медаль тагынышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: