super.kg logo

Эки бутун үшүккө алдырып кестирген Элмиранын үйүндө шарт оор

 
Эки бутунан айрылган Элмира
Элмира жана анын бир туугандары турган үй начар абалда.
Кошуналар чогулуп жардам берип жатышат.
Үйдүн абалы начар болгондуктан, Элмираны үйгө чыгаруу мүмкүн эмес.
Элмира жана анын бир туугандары турган үй начар абалда.
Кошуналар жардам беришүүдө.

Буттарын суукка алдырган Элмира Гимазитдинованын эки буту 2016-жылдын
25-февралында ампутацияланган. Элмираны Чыгыш-5 кичи районунун аймактык тескөөчүсү, кенже лейтенант Бобиржан Машрабаев жана райондун тургуну (аты-жөнүн жашыруун бойдон калтырууну суранды) 23-февралда көчөдөн оор абалда табышып, "Тез жардам" кызматы менен Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып келишкен. Элмира кечээ, 9-мартта Ош шаарына учуп кеткенин SUPER.KG порталына Элмираны тапкан бишкектик тургун билдирди.

Анын айтымында, Элмираны борбордогу ашканалардын бирине жумушка алышкан. Ал жакта иштеп жүрүп 2015-жылы болжол менен февраль айында жоголуп кетип, бир жыл өткөндө бутун суукка алдырган абалда табылды. Бир жыл бою Элмира каякта жана кимдин колунда болгону белгисиз бойдон калууда. Элмиранын өзүнөн сурашканда, бул суроого жооп бергиси келген эмес.

"Биз таап алып ооруканага алып бардык. Бир аздан кийин Бобиржан телефон чалып "Эже, дарыгерлер Элмиранын бутун кеспесе болбой турганын айтышты. Кестирбей алып калалы, дары-дармегин алып береличи" деди. Доктурларга барсак, ампутациядан бөлөк эч нерсе жардам бербесин түшүндүрүштү. Элмиранын абалы өтө оор. Кыздын гемоглобини 58 болчу, витаминдердин жардамы менен 78ге чыкты. Буттары ампутацияланып жатса, эси ооп сүйлөгүсү келбейт да. Бир аздан кийин депрессияга түшүп өз өмүрүнө кол салышы ыктымал, андыктан ал бирөөнүн көзөмөлүндө болуусу зарыл. Кечээ "Манас" аэропортуна чейин менчик "Тез жардам" менен жеткирдик. Оштогу үйүнүн абалы начар дешкенинен Ош шаардык ооруканасына жеткирилди",- дейт тургун.

Элмира Гимазитдинованын Ош шаарындагы коңшусу Дамира Козубаеванын айтымында, бул үй-бүлөдө төрт бир тууган бар. Эжеси менен агасы психикалык жактан жабыркап калышкан. 1993-жылкы иниси базарда араба түртүп иштейт. Алардын үйү эң үстүнкү кабатта жайгашкандыктан, жамгыр жааганда суу агып, үйдүн абалы начар абалга келгени айтылды.

"Кошуналардан биз менен гана катташышат. Башка эч кимге эшик ачышпайт. Эч кимиси окууну аяктаган жок. Эжеси ооруса да, соода кылып бир аз каражат табууга аракет кылат. Элмира 3-4 жыл мурун ооруп, түнт болуп калды. Анда да дарылоо курсун аягына чыгарган жок. Бишкекке кетип калганына бир жылдан ашты. Кечээ Элмираны келет дешкенде, жолдошум экөөбүз үйүнө кирсек, үйдүн абалы өтө оор экен. Элмираны бул жакка алып келишсе, абалы ого бетер начарлап кетпейби деп, ооруканага алып бардырганбыз",- дейт Козубаева.

Ошондой эле кошуналары аталган үй-бүлөгө жардам берип жатышканын жана Элмираны ооруканага барып көрүп жатышканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(17)
10.03.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кааап ото эле аянычтуу го(((
10.03.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
lolo.1, Ооба! Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунун аймактык тескөөчүсү, кенже лейтенант Бобиржан Машрабаев менен бул кызды ооруканага жеткирген Бишкек шаарынын жашоочусу жана Ош шаарындагы коңшусу Дамира Козубаеваларга чоң рахмат! Адамдык бийик сапатыңыздар үчүн! Алла таала сиздерге да жакшылыктарды буюрган болсун жана бактылуу болуңуздар!
10.03.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кошуналарына рахмат! Карап олтурбай, жардам беришип.
10.03.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
altyn2015, Ушундай учурлар адамдын ким экенин көрсөтөт! адамдык сапатты кармап, жардам берүүнү чечкендерге жаратуучубуз жардам берген болсун!
10.03.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менин да боорум ооруп кетти, акча болсо жардам кылсак кана!!!
10.03.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыйын эле болуптур мындан наркы жашоосу жакшы болуп кетсе экен.
10.03.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жүрөгүм ооруп кетти
10.03.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элмира тикмечи болуп кирсе жакшы болмок экен, билишимче, кээ бир ишканалар тикмечилерди жатакана менен камсыз кылат го... Кап, ага айтып койгон бирөө болбой калды го, жок дегенде жылуу, баш калкалаган жери болот эле...
10.03.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мамлекет жардам бериш керек ушундай убактытта! должен
10.03.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мамлекет жардам берсин козомолго алсын. кошуналарына рахмат
10.03.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ai baikuw kyz jaman ele boluptur,kowunalaryna 4oon rahmat.
10.03.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кошуналарына, врачтарга, көчөдөн таап ооруканага жеткиргендерге баарына рахмат. Өтө аянычтуу. Жакшы болуп кетсин кийинки жашоосу
11.03.2016. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдон келсе жардам берсек кана. Менин да колумдан келбейтта
11.03.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооруга айда жок экен да. Эле эле кыйын болду бул заманда
11.03.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аткаминерлер ушундай адамдарга жардам берип койсонор соопта болмок озунорду эле ойлой бербей силерди ушул адамдар ишенип шайладыго окуп жатып козумо жаш келип кетти!!! Элмира ден-соолукта бол омурун узун болсун Аллахым озу сактасын
11.03.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка тууган уруктары жок бекен? Ошто кайсыл болницада болду экен?
12.03.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бечера кызга боорум ооруп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: