super.kg logo

Бюджеттен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине керектүү делген каражаттардын 46 пайызы гана бөлүнөт

 

Бюджеттен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине керектүү делген каражаттардын 46 пайызы гана бөлүнөт. Муну бүгүн, 10-мартта маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, быйыл аталган министрликке 1 миллиард 900 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүндү.

Бул акчалардын эсебинен кызматкерлердин айлык акысы бир нече ирет көтөрүлдү. Мурда 2-2,5 миң сом алып иштеп келгендер 7-8 миң сом алып калышты. Буга чейин биздин министрликке 1 миллиард 200-300 миллион сом бөлүнүп келген. Бул сумма биздин керектөөбүздүн 39 пайызын гана түзчү. Бюджетти сарамжалдуу колдонобуз деп биздин кызматкерлердин иш сапарлап иштегени боюнча бир топ беренелерин кыскарттык. Жогорку Кеңеште болсо кызматтык техникаларды кыскартуу керектигин айтышууда, менин оюмча, бул нерсени бардык министрликтерде бирдей жүргүзүүгө болбой турган нерсе. Анткени биздин кызматкерлер 365 күндүн жок дегенде 250-300 күнүн иш сапарда өткөрүшөт. Анан буларга толук кандуу иштөөгө техника, күйүүчү май жана башка шарттарды түзүп бербесек кандай кызматкер иштейт?”- деди Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: