super.kg logo

Кыргыз жергесиндеги 11 нейрохирургия бөлүмүнүн бирөөсү дагы замандын талаптарына төп келген стандарттарга жооп бербейт

 

Кыргыз жергесиндеги 11 нейрохирургия бөлүмүнүн бирөөсү дагы замандын талаптарына төп келген стандарттарга жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо секторун жетиштүү деңгээлде каржылабаганга байланыштуу нейрохирургия кызматынын инфраструктурасы 20-25 жылдан бери жаңылана элек.

Учурда Кыргыз Республикасынын нейрохирургия кызматы элге сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү медициналык жардам берүүдө көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө”,- деди министр.

Айта кетсек, эки тараптуу жолугушууда кыргыз жергесиндеги Улуттук госпиталда нейрохирургиялык борбор куруу жана аны тиешелүү жабдыктар менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кувейттик делегациянын өкүлдөрү бул долбоорду ишке ашырууга көмөктөшөрүн билдирип, жаңы борбор курулгандан кийин эки мамлекеттин достугун даңазалаган монумент куруу сунушун киргизишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.03.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карызга акча алып жеп ала бербей ондогула аппараттарды алып келип койгулада акча алып озунор жеп алып анан элди кыйнайсынар
10.03.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оорулуулар тологон акчаны чогултса бир айда эле жанылап койсо болот да, бир врачка бир оорулуу (клиент булар айткандай) келсе оозуна баткан акчаны айта салып анан башкы врач менен кичинесин болушуп коюп калганын уйлоруно ташып жатса качан онугот Кыргыз медицинасы.!
10.03.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талапка жооп берсе бербесе кудай ооруканага жаткандан сактасын.Ылайым эч ким оорубасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: