super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Баткендеги айтылуу Аңкур-Сай бурулушунан дагы бир унаа оодарылып кетти

 

9-март күнү Баткен - Кадамжай унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Муну окурман бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Анын айтымында, Кадамжайды көздөй бара жаткан автоунаа Аңкур-Сай аймагындагы кооптуу бурулуштан аңтарылып, сайга кулап түшкөн. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, аталган чукул бурулуштан сайга түшүп кеткен автоунаалар көп болот. 2015-жылдын октябрь айында да ушул сыяктуу кырсык болгонун окурман "Элдик кабарга" маалымдаган. Булардан башка да көптөгөн кырсыктар болгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.03.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oa bul buruluw korkunuchtuu ↪uwunday buruluw
10.03.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай коркунучтуу ондоп тузосо болбойт бекен а
10.03.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа.крутой поворот.кудайым ОЗУ сактасын боодо кырсыктан.кайрадан тузулгон проектти карашпай жатышат ко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: