super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибеков: "Прокуратура мени эмне боюнча күнөөлөп жатканын түшүнбөй турам"

 

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Жарыш сөздө прокурор айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратууну суранды, ал эми адвокат Келдибековду толук актоону суранды. Андан соң Келдибековго өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилди.

"Прокуратура мени эмне боюнча күнөөлөп жатканын түшүнбөй турам. Прокуратура далилдерди таба албай, божомолдорго таянып мага айыптарды тагууда. Мага байланыштуу материалдарды топтоп жатып, күнөөлөр карама-каршы келүүдө. Эгер мыйзамсыз байып кетүү боюнча күнөөм болсо, прокуратура качан эле муну айтмак. Менин бардык кирешелерим декларацияда жазылган. Мага карата тагылган күнөөлөрдүн баары саясат экени жалпыга белгилүү, анткени мен саясатчымын. Мен адилеттүүлүк бар экенине ишенем",- деди Келдибеков.

Кийинки отурум эртең, 11-мартка саат 11:00гө дайындалды. Анда соттук өкүм айтылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: