super.kg logo

Өзбекстанда коомдук адепке туура келбеген жарнамаларга тыюу салынганы жатат

 

Өзбекстанда «Жарнама жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, коммерциялык жарнамалардагы уятсыз көрүнүштөргө тыюу салынат. Андан сырткары оюн-зоок үчүн жасалган компьютердик программалардын жарнамасын да токтотуу демилгеси иштелип чыкты. Мыйзам долбооруна ылайык, мындан ары окуучулар менен студенттердин окуу дептери жана китептерине жарнамаларды чыгарганга болбойт.

"Мыйзамда жарнамага болгон талаптар аныкталган. Аларга ылайык, өспүрүмдөргө арналган жарнамада чыныгы же жасалма куралды колдонуп, балдарды экстремалдуу кырдаалда көрсөтсө болбойт. Жарнама жашы жетпегендерге буюмдарды сатып алууга чакырбаш керек. Балдарды көбүрөөк тамактандырууга же негизги тамакты шириндиктер менен алмаштырууга арналган чакырыктар да колдоого алынбайт",- деп жазышат басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.03.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ошону менен эмнени айтайын деп атасынар еми.урматтуу жолборс тээрисин жамынган тулкулор.биз озбекстанды тажикстанды карап эмес алар бизди карап бизден улгу алып жашай турган болсок болбойбу?же ушинтип отуруп кыргыздарга да доппу кийгизесинерби.
11.03.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
salam.kyrgyzstan,Сага эч ким допу кийгизели деп жазбаптыр го.Жөн эле уят,жаман нерселерди жарнамалаганга тыюу салат экен деп жазылыптыр менин түшүнүгүмдө.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: