super.kg logo

Тайырбек Сарпашев кореялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кореялык "LX", "Geo 2" компанияларынын жана Эл аралык кореялык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугуп, "Кыргыз Республикасындагы жер ресурстарын башкаруучу бирдиктүү маалымат системи" долбоору тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоордун негизги максаты - Кыргыз Республикасындагы кадастр системин күчтөнтүү жана жаңылоо менен жер башкаруунун туруктуулугуна жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу.

Тайырбек Сарпашев кореялык тарапка жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун негизги инвестициялык багыттары тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

"Жаңы каттоо системи ачык-айкындуулукту жогорулатып, жер жана менчиктештирүүгө байланыштуу коррупциянын жана этникалык жаңжалдын тобокелдигин төмөндөтөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын жогорку сапаттагы иши жарандык карама-каршылыкты гана эмес, жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууга, улуттук коопсуздукту бекемдөөгө, экономикалык өнүгүүнү жана мамлекеттин дагы башка маселелерин чечүүгө жардам берет",- деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: