super.kg logo

Белгилүү олигарх Борис Березовский өз өмүрүнө кол салдыбы же киши колдуу болуп өлдүбү?

 

23-март күнү Лондон шаарында белгилүү орусиялык олигарх Борис Березовский 68 жаш курагында каза болду. Ишкердин жансыз денесин өз үйүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн анын жан сакчысы тапкан. Олигархтын өлүмү боюнча ар кандай маалыматтар айтылууда. Анын досу Николай Глушков Березовскийди моюн орогуч менен муунтуп өлтүрүшкөн десе, адвокат Александр Добровинский ал өзүн-өзү өлтүрдү деген оюн айткан, ал эми Лондон полициясы Березовскийдин өлүмүндө эч кандай 3-жактарды көрбөгөндүктөрүн билдирген. Анын сөөгү бүгүн, 25-мартта соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн соң гана эмнеден улам каза болгону жарыяланат. Белгилей кетсек, Березовский акыркы 10 жылдан бери  Лондондо жашап жүргөн. Ага Орусияда бир катар экономикалык кылмыштар боюнча айыптар тагылып, сыртынан соттолгон. Олигарх Орусия бийлигин дайыма сынга алып, өз өлкөсүндөгү оппозициялык саясатчыларды каржылап келген. Олигарх каза болгондон кийин гана эки ай илгери Орусия президенти Владимир Путинге кечирим берүүнү сурап кат менен кайрылгандыгы, акыркы убакта мекенине кайтууну абдан каалап жүргөнү айтылды.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: