super.kg logo

Керектөө баалары жана тарифтер жылдын башынан бери жалпы республика боюнча төмөндөдү

 

Керектөө баалары жана тарифтер жылдын башынан бери жалпы республика боюнча 0,3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Азамат Оросбаев билдирди. Анын айтымында, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктер 0,5 пайызга төмөндөдү.

Февраль айы боюнча баалар сүт азыктарына 1,8 пайыз, кумшекер менен жумурткага 0,5 пайыз, кой этине 0,6 пайыз, уй этине 1,5 пайыз төмөндөдү. Бул салыштыруу былтыркы жылдын ушул маалындагы баалар менен жүргүзүлгөн.

Быйылкы жылдын февраль айы менен былтыркы жылдын декабрь айын салыштырганда керектөө бааларынын өсүшү Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарында байкалган. Ошол эле учурда жыл башынан бери азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз ичимдиктерге баалардын өсүшү бир гана Нарын облусунда болгон”,- деди Оросбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: