super.kg logo

Өлкөдө жарандар бала тарбиялоого өтө аз убакыт кетирип, ал арада достору жана туугандары менен жолугушууга көп убактысын жумшашат

 

Өлкөдө жарандар театр, музейге барууга жана бала тарбиялоого өтө аз убактысын кетирип, ал арада достору жана туугандары менен жолугушууга көп убакыт жумшашат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб билдирди. Анын айтымында, ар бир беш жылда аталган мекеме жарандардын бир сутка убактысын кандай сарпташары боюнча атайын изилдөөлөрдү өткөрүп келет.

2015-жылы биз 5014 үй чарбасында сурамжылоо жүргүздүк. Башкача айтканда, бул ишке 12 жаштан жогору болгон 16 миңден ашык адам катышты. Алардын 46 пайызы эркектер, 54 пайызы аялдар болду. Январь, февраль жана март айларында бул үй-бүлөлөргө барып, ар бирине бир сутка убакытты кантип өткөргөнү тууралуу суроо берилип, маалымат чогултулду. Жыйынтыгында эркектер көп убактысын акча төлөнчү жерде эмгектенип өткөрүшсө, аялдар көбүнчө үй жумуштары менен алек.

Үй жумуштарын аткарууга эркектер 7 пайыз убактысын гана коротушса, аялдар бир сутканын 19 пайызын жумшашат экен. Анализ көрсөткөндөй, аялдарда бош убакыт эркектердикине караганда 1 саатка аз болуп чыкты. Убакыттагы тең укуктуулук уктоого, тамактанууга жана жуунууга кетирилген гана учурда байкалды. Жарандарыбыз аял-эркегине жана жашаган аймагына карабай 45 пайыз убактысын өзүнө кетиришет. Мындай тенденция 2010-жылы өткөрүлгөн изилдөөдөн айырмасы жок”,- деди адис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.03.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл жериндегилердида суруштурушпойбу.айылда апалар балдарын карап эле отурущат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: