super.kg logo

"Ошто 2010-жылкы тополоңдон кийин бөлүнгөн жерибизди документтештирип бербей жатат" дейт Ош шаарынын жашоочусу

 

"Ошто 2010-жылкы баш аламандыктан кийин бөлүнгөн жерибизди шаар бийлиги документтештирип бербей жатат",- деп билдирди бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына Ош шаарынын жашоочусу Зууракан Атирова. Анын айтымында, өкмөттүн тийиштүү токтомуна ылайык, шаар жетекчилиги шаарда каттоосу жок жарандарга жер берилбей турганын айтып жатыптыр.

"Эми ошол Бакиевдин тушундагы токтомду өзгөртүп, биздин жерибизди мыйзамдаштырып койсо болот эле да. Биз башка мамлекеттин адамдарыбызбы? Тополоңдон кийин, 2011-жылы Жапалак айылынын үстү жагындагы Кең-Сай аймагынан 3800 адамга 8 сотуктан жер беришкен. Таш төгүп, үй курууга даярданып калган элек. Ошондон бери токтом чыгарып бербей жатат. Төккөн ташыбызды көрүнгөн келип ташып кетти. Чыркыраган бойдон кала беребизби? Ушуну айтып чыксак, "булардын жаны тынбады" деп кайра бизди жаман көрүшөт. Үнүбүз жогору жактагыларга жетип, жерибизди мыйзамдаштырып берсе жакшы болор эле",- дейт Зууракан айым.

Ош шаарынын жашоочусу каттоосу айылда экенин, шаарга каттоого туруу түйшүгү көп экенин айтууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
12.03.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Айланайын Зууракан эже элде сиздикиндей болгон роблемалар толуп ататко. Элдин уну жетбес болдуго бул жеп жутаттарга жетсе.да чечбес болдуго
12.03.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аларга элдин кыйналганын эмне кызыгы бар,оздорун баржогу жайында баары бирда аларга
12.03.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зууракан эже, сиз кайсы жерден келдиңиз ? Кайсы жерге катталгансыз ?
Өзүңүздүн катталган жериңизден жер бербей жатса башка кеп. Ички миграция ансыз да күчөп жатат. Баарыбыз эле Ошко,Бишкекке келип алып жер бер десек, айылдарда кимдер калат ?
12.03.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rifle_3,туура мен 20 жылдан бери жашап, 8 жылдан бери туруктуу каттоом менен, 7жылдык кезегим менен жер ала элекмин го. Айылдагы каттоосу менен кантип жер алып калышканы тан калыштуу.
jasgul түзөттү 2016-03-12 20:16:07
13.03.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasgul, ошол бее баш тополон учурда убактылуу бийликте тургандар элге жагыш учун бере салган. Кээлери сата да салган. Ош коогаланынан жабыркадык деп шылтоолоп жер алып алгандар коп болгон. Озунор эсептеп корсонор, 3800адам Ошто коз жумган эмес. Курман болгондорго уй беруу акчалай компенсация жб комоктор болгон. Бирок лично жер беруу мыйзамсыз болгон. Бир окуя: менин айылымда камок иштеткен эрден чыккан ажылдаган келин бар, камогуна ичкени келген эркектерди мени зордоду деп арыз жазып 30-40минден
13.03.2016. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30-40минден ондуруп конгон. Милицияда таанышы бар неме. Дегеним ошо жаны жок келин Ошто согуштан сон жабыркадым деп жер алып алыптыр деп уккам. Болбосо озу Озгондо турат. Согуш ага эч залакасын тийгизбеген. Наоборот ошентип озуно окшош куржалактардын башын бириктирип кандайдыр бир жерлерди басып алып, дароо фундамент куя коюп, анысы мыйзамсыз дешсе митинге чыга коюп, шайлоо маалы келип калса бир партиянын ишенимдуу адамы боло коюп, ортодо акча жеп эле журот. Буга окшогондор коп Ошто.
13.03.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зууракан эже, сиз кандайча жабыркаганызды жаза кетиниз. Жакынызды жоготтунузбу же уйунуз орттолдубу??? Сизге жерди кайсы шаар башчы берди? Доказательств жок болсо демек сиз мыйзамсыз жер басып алган болосуз. Олкодо чондорду куноолой берген эн оной. Биринчи эл озу мыйзам сактабаса башаламандык боло берет.
13.03.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein, Ош шаарында 32минден ашуун адам уй салуу учун жер алууга кезекте турат. Арасында 10-20 жылдап кезек куткондору бар. Мына ошол адамдардын чыдамы кетип акыры 2010-жылы олкодо баш аламан болгондо шаардын четиндеги айдоо аянттарын(кобунчосу озбектердин жерин) басып алышкан. Ошондо айласы кеткен шаар бийлиги жана Убактылуу Окмот токтом чыгарып Кен-Сайдан 3800 адамга жер берип элдин нааразычылыгын басат. Андан бери шаар бийлиги алмашты. Эми мына ошол жерди документтештирип беришпейтат.
13.03.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге шаар эмес жашап жаткан айылдан эле бербейтат го,арыз жазганыбызга он эки жыл болду
13.03.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555,ал арызын туалетке кетип калса керекта. Арыз жазып артынан чуркаш керек туалетке кетип калат болосо
13.03.2016. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
murat_12,жок туалетке кетпей эле айыл окмотто турат,чуркап эле атабыз
13.03.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилерди күнөөлөп көнүп алганбыз,баары мыйзам чегинде болуш керек Оштун жэрин басып алып эле дакумент дей бербей,мыйзам боюнча ар ким туулуп өскөн жеринде гана жэр берилет.эгер Оштон жэ Бишкектен жердүү болгуң келсе сатып алышыңыз кеоек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: