super.kg logo

Кыргыз каганаты биздин заманга чейинки 525-жылдан мурун эле бар болгондугун кытай окумуштуулары далилдешти

 

Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Султан Раев иш сапары менен Кытайда болду. Бул тууралуу аталган дирекциядан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Султан Раев кытайлык кесиптештери, тарыхчылар жана окумуштуулар менен жолугушту. Анын жүрүшүндө "Кыргыз тарыхы кытай жазууларында" аттуу кытай окумуштуулары авторлук кылган китептин бет ачары болуп өттү. Басылманын авторлорунун айтымында, кыргыздар тууралуу, айрыкча кыргыз каганаты жөнүндө кытай жазууларында биздин заманга чейинки 525-жылда жазылган.

"Кыргыз каганаты Барсбектин башкаруусунан кийин башталган деген тарыхчылар үчүн бул факт буга чейин белгисиз болуп келген. Бирок кытай окумуштуулары каганат ага чейин эле болгонун далилдеп жатышат",- деп белгиледи Султан Раев.

Кыргыз тарап бул уникалдуу басылманы кыргыз жана орус тилине которуу аракеттерин баштады. Ошондой эле бул жылы Кытайдан келген окумуштуулардын катышуусунда илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
11.03.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оооо кандай сүйүнүчтүү кабар! Эл тарыхы ата-бабалар басып өткөн жол узарды! Дагы-дагы узарып, байыркы кыргыз элинин баатырдыгы, өмүрүнүн узактыгы менен даңктала берсин!
11.03.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына муну жанылык десе жарашат!!! Маашаллах! Кытайларды жактырчу эмесмин, жылуу сезим пайда болду кичине болсо да..
Эми жок дегенде даяр ашты демдеп алалы. Ушул жылдын шылтоосу менен кылымдап туптолгон тарыхыбыздын купуяда жаткан сырлары ачыкка чыгарыла берсин ылайым!
12.03.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оххоо аябай сонун жанылык. Кылымдарды карыткан кыргыз тарыхы, каганаты көрсө андан мурда эле болгон тура. Баракелде..
12.03.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султан Раев ишине ийгилик ушул жумушту аягына чыгарса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: