super.kg logo

"Пара менен кармалып жатканда каза болду" делген Гапаровдун уулу: "Ал ишке катыштыгы бар кызматкерлер азыр өздөрүн актоо үчүн чуркап жүргөндөрүн билем"

 

"Атамдын өлүмү боюнча жоопко тартылып жаткан УКМКнын кызматкерлерине бир эмес, бир нече кылмыш иши козголушу керек". Бул тууралуу "пара менен кармалып жатканда каза болду" делген Абдыкерим Гапаровдун уулу Адылбек Гапаров SUPER.KG'ге билдирди.

"Атам А.Гапаровдун өлүмү боюнча жоопко тартылып жаткан УКМКнын кызматкерлерине карата "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренеси менен иш козголгонун интернет булактарынан окудум. Бирок ал жерде бир гана ошол берене менен эмес, бир нече берене менен кылмыш иши козголушу керек болчу. Ал жерде көптөгөн мыйзам бузуулар болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, атамдын денесинен көк ала тактар табылган. Ал ишке катыштыгы бар кызматкерлер азыр өздөрүн актоо үчүн чуркап жүргөндөрүн билем. Эгер менин атам чынында эле пара алган болсо, алардын далилдери болушу керек. Далил жок болсо, аман-эсен жүргөн адамды өлүмгө жеткиргендер жоопко тартылышы керек", - деди А.Гапаров.

Айта кетсек, 25-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жаткан жеринен жүрөгү токтоп калып каза болгон" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(8)
13.03.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Адам олтуруу боюнча да кылмыш иши козголуш керек болчу. Сопсоо жумуш ордунда отурган кишини кок ала кылып олтургон кудай да жазаласын, сот да оз жазасын берсин.
13.03.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Темир сариев ордуна башка бироону койдуда озунун тууганыдан, бизди булар чадыбар кылат.
13.03.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондо эмне бир креслону бошотуу үчүн отурган кишини өлтүрүш керекпи ?
Же подстава кылып бошотуш керекпи ?
13.03.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
журогум ооруйт ушул окуядан... бейиши болсун!
13.03.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адылбек байке сизге сабырдуулук каалайм,жениш сиз жакта болсун ылайым
13.03.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйманы саламат болсун кудай кечире кор бирдеме болбосо чоптун башы кыймылдабайт иш кылган да
13.03.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Уят атамын кылганын мен кылбайм дегендин ордуна
13.03.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
makemake1979, Анда чондордун балдары баары айтышсын... Мамлекетти тоноп жаткандар айтсын.. Бечараларга гана кучубуз жете бизде абдан аяычтуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: