Күзөтчүлөр менен эс алуу учурунда качып кеткен Азатбек Алымкулов кош бойлуу айым сыяктанып аялдын кийимин кийип алып бараткан жеринен кармалды

Каракчылык боюнча айыпталып, күзөтчүлөр менен эс алуу учурунда качып кеткен Азатбек Алымкулов кармалды. Бул тууралуу 11-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алымкулов бүгүн саат 15:00 чамасында Бишкектин Туңгуч кичи районунда аялдын кийимдерин кийип, боюнда бар сыяктуу кылып курсак чыгарып, бетине медициналык бет кап кийип бара жаткан жеринен кармалган. Сурак учурунда ал буга чейин көчөдө жана көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринде баш калкалап жүргөнүн билдирген.
Эске салсак, А.Алымкулов каракчылык боюнча айыпталып, 26-февраль күнү күзөтчүлөр менен спирттик ичимдиктерди ичип, эс алуу маалында качып кеткен.
Айыпталуучу аялдын кийимин кийип жүргөн жеринен кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
3

Кандай катачылыктар болуп көрө албай койдуңуз эле?