super.kg logo

Шашылыш билдирүү! 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, үшүк жүрөт

 

Узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 13-15-март аралыгында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. 13-мартта күндүз жана 14-15-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жаралып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөп, үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатат.

2016-жылдын 11-12-мартында абанын жогору температурасынын сакталышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) жана Красная-Горка - Ак-Таш
(1-10-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин өткөн аптадагы санында "Эмнени эксеңиз сата аласыз?" деген макала жарыяланган. Анда өсүмдүктү үшүктөн сактоо жолдору да жазылган. Макаланы толук бойдон бул жактан окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
11.03.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаасын жамгыр Кыргызстаныма.
11.03.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Munar8625, ХХХ ХХХ ХХХ... дагы орукторду ушук алсынбы
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-14 14:43:44
14.03.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliko - эскертүү!
Этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазууга, жеке айтышуулар тыюу салынат.
11.03.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары кудайдын амири менен
11.03.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орукторду ушук албаса эле болду. Былтырда гулдогондо жаап коюп жакшы болбой калган
11.03.2016. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарбыз экип койгонбуз кудай сактасын
12.03.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mr.sher,Азаматсынаргоо.
Кайсыл жерде эгилди?
11.03.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жамгыр жаасын бирок ушук албасын кудай сактасын
11.03.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кун жылып жакшы болуп калды эле кайра суук башталса от жагышка туура келет экен да
12.03.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаса экен , дагы өрүгү жок калбайлы .
12.03.2016. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өрүк го майли биз жакта жаңгак болбой калса жаман болот
12.03.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанактарыбызды кудайым озу сактасында бирок бир жагынан жамгыр коп жааса жакшы козу карын терет элек апрель айында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: