super.kg logo

Бишкектик славяндар Масленица майрамын өткөрүп, майрамдык карачкыны (чучело) өрттөштү (фото)

 
Кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчиси Андрей Крутько.
Иш-чарада куймактар таратылды.
Күчтүү жигиттер өз өнөрү менен тааныштырышты.
Оюн-зооктор уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди.
Кичинекей тургундар үчүн жагымдуу оюндар болду.
Ар улуттун өкүлдөрү бийлерин тартуулашты.
Концерттик программага кыргыз ырчылары да катышышты.
Ар улуттун өкүлдөрү бийлерин тартуулашты.
Балдар менен чоңдор биргеликте оюн ойношту.
Балдар күндүн нурун тартышууда.
Кезектеги оюн.
Казак ырчысы менен шаар тургуну.
Масленица карачкысын (чучело) өрттөө.

Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги Маданият жана туризм министрлигинин имаратынын алдында славян элинин Масленица майрамына карата иш-чара болуп өттү. Ага кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчиси Андрей Крутько, Мекендештер гильдиясынын ассоциациясынын төрайымы Любовь Ардамина катышты.

"Бул жылы кыргыз жергесинде жаз ысык болчудай, бул мезгил баарыңарга ийгилик алып келсин. Маанайыңар ар дайым жаздай ачык болсун",- деп каалоолорун айтып кетти элчи. Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасына Орусиянын президентинин келери күтүлүп жатканын кошумчалады.

"Жаз майрамыңар менен куттуктайм, кымбаттуу бишкектиктер! Эртең Кечирилген жекшемби, андыктан бири-бириңерден кечирим суроону унутпагыла. Баарыңарга жакшы маанай каалайм",- деди Ардамина.

Иш-чара концерттик программа жана кызыктуу оюн-зооктор менен коштолуп, Масленица майрамы тууралуу көп маалыматтар айтылды. Кичинекей тургундар оюндарга катышып, алардан улуулар ортого бийге түшүп, көтөрүңкү маанайда тарашты.

Масленица - славян элинин Улуу орозого чейинки салттуу майрамы. Аны өткөрүү ырым-жырымдарында славян мифологиясы сакталып келет. Негизинен 7 күн майрамдалат. Бул майрамдын так датасы жок. Аны белгилөө күнү Пасха майрамынын датасынан көз каранды. Масленицанын башкы атрибуттары - карачкы (чучело), куймак жана оюн-тамашалар. Майрамдын аягында Масленица карачкысын өрттөп, жакшы түшүм алуу үчүн күлүн айдоо талааларына себишкен.






Бишкекте өткөн Масленица 12.03.2016

Масленица майрамы Бишкекте 12.03.2016

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
12.03.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карачкыбы же каракчыбы ?
Негизи чучело ошондой которулабы ?
12.03.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каракчыны болуш керек
12.03.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер.
12.03.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызда карачкы деген соз жок. Чучело каракчы болуп которулат.
12.03.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Славяндар эмес, провославтар
12.03.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карачкы менен каракчы эки башка сөз.Карачкы-чучело,Каракчы-грабитель,разбойник.
12.03.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карачкы - пугало; чучело (которое ставят у овечьего загона для отпугивания волков).

Кыргызда мындай сөз колдонулат, бар. Анын этимологиясын айтып отуруунун кажети жок го, башкысы, аны колдонуп келгенбиз жана колдонушубуз керек, билбегендер билип алышыбыз керек...
Мэри түзөттү 2016-03-12 23:29:50
12.03.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Масленица кыргызчага кандай которулат? Мисалы. Татарча, башкырча (Май чабу) болуп которулат экен. Кыргызча ошондо Майсалчу болуп калабы же кандай? Мааниси боюнча туура кандай которулат?
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2016-03-12 23:32:50
13.03.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карачкы десе кызыктай эле угулат экен,тили келбеген жаш балага окшоп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: