Түркия. Анкарадагы жардыруудан кеминде 34 киши каза болуп, 125 киши жаракат алды



13-мартта Түркиянын борбору Анкара шаарында жардыруу орун алды. Кечке жуук болгон жардыруудан кеминде 34 кишинин өмүрү кыйылып, 125ке жакын адам жаракат алып, анын ичинен 19 адамдын абалы оор экенин түркиялык ММКлар жарыялоодо. Ошондой эле жардыруудан бир нече унаа өрттөнүп кеткени айтылды. Учурда полиция ал аймакты толугу менен курчоого алып, жардыруунун себебин аныктоо аракетин көрүүдө.
Эскерте кетсек, 17-февралда да Анкара шаарында катуу жардыруу болгон. Анда 30дай адам каза болуп, 60тай адам жаракат алган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Нефтилерин мыйзамсыз сатып алып жаткан да, эми Россия кийлигишип анча тоскоолдук жаратып жатат.
Курама окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
Экинчи Сириянын кейпин кийбесе эле болду!
Террористердин уюткусуна айланып!