Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 50 жаштагы аял кармалды
Чүй облусуна караштуу Кемин районунда алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кемин шаарынын 51 жаштагы Т.Р. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 50 жаштагы И.Б. аттуу классташы андан 185 килограмм эт алып, акчасын бербей жатканын билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 55 500 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жаңы-Чек айылынын 50 жаштагы И.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Medina87

14.03.2016. 09:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Классташ..... Балалык чактан бой тартканга чейин бир класста окуган мезгил...., убакыт ото тагдырдын тамашасы..... Эээххх....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.