Өткөн суткада өлкөдө 16 өрт кырсыгы катталып, Ош шаарындагы базарлардын биринен жыгач ящиктерге салынган мөмө-жемиштер күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан базардын ичинен өрт чыкты. Анда 105 чарчы метр ачык аянтта жайгашкан жыгач ящиктерге салынган мөмө-жемиштер, жабылган клеёнка, чүпүрөктөрү менен кошо күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.