super.kg logo
  Саясат  

Президенттин катышуусундагы ишембиликте жол эрежесин бузган депутат Анвар Артыковго 1000 сом айып пул салынды

 
Депутат Анвар Артыков
Парламенттин КСДП фракциясынан депутаты Анвар Артыковдун айдоочулук күбөлүгү
Парламенттин КСДП фракциясынан депутаты Анвар Артыковго карата түзүлгөн протокол

12-мартта Бишкек шаарында Ботаникалык сейил багында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы ишембиликте жол эрежесин бузган КСДПдан ЖКнын депутаты Анвар Артыковго айып пул салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айып пул салган Жол-кайгуул милициясынын инспектору билдирди.

Анын айтымында, саат 12:00 чамасында аталган депутат автоунаасын токтотууга тыюу салынган жерге токтотуп койгон. "Депутат айдоочулук күбөлүгүн берип, унаасын айдап кетип калган. Ага карата протокол түзүлүп, мыйзамга ылайык, 1000 сом айып пул салынды",- деди инспектор.

Эскерте кетсек, 12-мартта Бишкек шаарындагы Ботаникалык сейил багында ишембилик өткөн. Анда президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, депутаттар, өкмөт аппаратынын, президенттик администрациянын, парламенттин аппаратынын кызматкерлери катышышкан. Жалпысынан иш-чарага 500гө жакын адам келген. Ишембиликте көчөттөр отургузулуп, тазалоо иштери жүргүзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: