super.kg logo

Канат Болотов, жергиликтүү тургун: "Ысык-Көлдөн табылган байыркы жандыктын сөөгүнүн бир бөлүгүн талкалап алдык"

 

Ысык-Көл аймагынан байыркы жаныбардын сөөгүн тапкан 28 жаштагы жергиликтүү тургун Канат Болотов SUPER.KG порталына табылганы кантип көрүп калгандыгы туурасында айтып берди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Орлиное айылында турабыз. Жездем жана куда балабыз мал кайтарып жүрүп Жыргалаң дарыясынын жээгиндеги жардан ак бир нерсе чыгып калганын 20-февралда эле байкашыптыр. Ага көп деле маани бербей жүрө берип, 10-мартта бир бөлүгүн бөлүп үйгө алып келип көрсөтүштү. Ошол күнү бул эмне болду экен деп барып, ал жерди күрөк менен казып көрдүк. Качан чоң жандыктын сөөгү экенин көргөндө этияттык менен анын бөлүктөрүн топурактан тазалап чыктык. Табылганы сүрөткө тартып, интернеттен кайсы жаныбарга тиешелүү болгонун карадык. Мамонт экенин болжолдоп, Улуттук академияга байланышка чыктык. Аларга сүрөтүн жибергенбиз, 14-мартта жообун билдиребиз дешкен.

Байыркы сөөк тууралуу биринчилерден болуп жергиликтүү телеканалдардын бири тартып кетти. Анан укук коргоо органдары келип, ал жердеги 20 сотукту курчап коюшту. Учурда сөөк табылган жерди 4 милиция кызматкери кайтарууда. Сөөктөрдүн бир бөлүгү биздин аба ырайынын шартына байланыштуу болуш керек, бырчаланып калды. Илимдер академиясынан окумуштуулар келери айтылган, күтүп жатабыз”,- деди Болотов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
14.03.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Емне болду екен е шумдукго чиркин
14.03.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сиздер Илимдер академиясынын окумуштууларын 10 марта чакырылган болсо . анда 14 мартка чейин сатканга клиент издеп журушсо керекда. биздикилер сатканга еле уста го жана жеегенге.
14.03.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jan0097,Эмнеге сразу жаман ойлойсун.Сооктун бир болугун жибердик деп жатат.Изилдешет да.
14.03.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Европалык илимпоздорго билдиришкенде ошол куну ошо туну жетип барышмак , биздикилерге а нам все равно а нам все равно да. Бияктагы биз жонокой жарандар кызыгуудан жаныбыз жарылып баратат илимдер академиясы кантип чыдап олтурат.
14.03.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аркардын муйузун0 окшоп турат менимче
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: