Чүй облусунда "ур-токмокко алып, денеге залал келтирген" деген шек менен 2 жигит кармалды
Чүй облусунда "ур-токмокко алып, денеге залал келтирген" деген шек менен 2 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Арча-Бешик конушунун тургуну кайрылган. Ал 9-февраль күнү Көк-Жар айылынан саат 21:30 чамасында 4-5 белгисиз адам аны ур-токмокко алып, денесине залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы мурда соттолгон Жалал-Абад облусунун Ж.А. аттуу тургуну жана 19 жаштагы Талас облусунун Э.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда аталган жарандар камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Биз урушпай талашпай эле жашайбыз го, тып тынч эле. Күчү ашып жатса, бир жерге ишке кирип планды 300% аткарып салсын.